Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭЗЕЛКИ ҮЛҮШ МАЙРАМЫ


Кыргыз элинин көп майрамдары, каада-салттары ушу тапта соңку муун арасында унут калып келатат. Алардын бири - үлүш майрамы.

Байыркы көчмөн кыргыздардан жашоо-турмушуна көрк берген санжыргалуу майрамдарынын бири – үлүш – жайлоо майрамы болгон. Ал өткөн кылымдын 20-жылдарынан бери майрамдалбай эстен чыгып келет. Ал турсун азыркы тапта жаштар «үлүш» деген сөздүн маанисин чечмелеп айтып да бере алышпайт. Айрым ысымдардын айтышпаган мырзаларга кайрылганымда, «бул сөздү угуп эле жүрөм, бирок кыргызча бир түшүнүгүм жок, эмне деген сөз экенин билбейм», же болбосо «мен деле «бакыттын чеги жок» дегендей, үлүш деген кепти угуп жүрөм, бирок тилекке каршы түшүнбөйт экемин» деген өңдүү жоопторду эшиттим.

Тарыхый булактарга таянсак, малчылар арасында үлүштү Нооруз, Курман айт, Орозо айт сыяктуу эле майрамдашкан.

Илгерки кыргыздардын ар бир айылы жайлоого көчүп барганда бээ байлаган. Алар ууз кымызды мол ачытып, кочкордун семизинен союп, куйкалап, ар бир өрдөштү жайлаган үй-бүлөлөрдү чакырып кымыз бузушкан. Ошондо үй ээси жана меймандар салт катарында жайлоо майрамында ырдалган «Үлүш» аттуу ырды жеке жана тобу менен ырдашкан.

Үлүш болот жайында,
Кой, жылкылуу айылда,
Тайларын минип жарышат,
Үлүшкө балдар барышат,
Аталар берген мүчөсүн
Курга түйүп алышат,
Жай жайлоонун үлүшү,
Жандын баары кубанып,
Жадырап-жайнап күлүшү
Биздин айыл күнгөйдө,
Силердин айыл тескейде,
Тунук булак шаркырайт,
Тоолор болсо жаркырайт.
Торгой, күлүк тынымсыз,
Сайрап турат көлүндө,
Бакалар чардап көлүндө - деп ырдашкан.

Ар бир өрдөштү жайлагандар кезмектешип чакырышкан. Ошентип, жайлоо майрамы бир күн эле күн эмес, көпкө созулган. Ушундан улам Токтогулдай ак таңдай акындар:

«Үлүшкө үчтөн кой соёт
Үстү үстүнө той болот» деп ырдаптыр.

Үлүштүн күндөрүндө, түндөрүндө жылкычылар өздөрүнүн салттуу ыры «Шырылдаңды» ырдашып жарптарын жазышкан. Ал эми короо кайтарышкан кыз-келиндер болсо таң аткыча «Бекбекейди» безелене ырдашып, селкинчек тебишип, жайлоо майрамынын көркүнө көрк кошушкан.

Үлүштө ырчылар, төкмө акындар ар кыл маанайдагы ырларды ырдашып, дастандарды айтышып, комузчулар күүлөрдү чертишип, манасчылар «Манас» айтышкан. Аларды ар кандай улуттук оюндар да коштоого алыптыр. Атаганат, эстен чыккан абалкы майрам кайра калыбына келсе, кандай сонун болоор эле.
XS
SM
MD
LG