Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

«ТӨРТТҮКТҮН» КАТАРЫНА КЫРГЫЗСТАН КОШУЛАБЫ?


Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги 4 республиканын экономикалык биримдик түзүү чечими бийлик өкүлдөрүнө караганда карапайым калкты көбүрөөк кызыктырды окшойт. Анын себеби деле жөнөкөй - өлкөнүн ишке жарамдуу калкынын жарым миллионго жакыны Орусияда, андан азыраагы Казакстанда соода-сатык, кара жумушта жүрүшөт. КМШ менен эл аралык уюмдардын дээрлик баарына мүчө болушка дилгир Кыргызстандын жетекчилиги азырынча жаңы биримдик жайында чечилип кеп кыла элек.

Байкоочулардын баамында кыргыз бийлигинин жаңы биримдикке кире турганын батыл жарыя кылбай, аярлап турушуна Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүгү себепкер болууда. Ушул жылдын сентябрынан баштап ишке кирчү жаңы биримдиктин жерпайын түптөп аткан республикалардын бирөө да соода уюмуна өтө элек. Тек, Орусия менен Кытай Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүгө куштар экендиги, аларга Кошмо Штаттар колдоо көрсөтөрү кыйладан бери айтылып келатат.

Байманалуу өлкөлөрдүн экономикалык алыш-беришин ыраатка салган соода уюмуна Кыргызстан постсоветтик мейкинде элдин эң алды болуп киргени менен анын пайдасын көрө элек. Тескерисинче, постсоветтик өлкөлөрдүн бир тобунун тымызын каршылыгына учурап, демилгесинин азабын тартып келатат. КМШ ичиндеги кубаттуу төрт республиканын жаңы биримдигине Кыргызстан менен Тажикстандын чакырылбай калышы бир топ түкшүмөлдөрдү жаратты. Батышка батпай калган Украина менен Белорусияны Орусиянын таасирине тартуу, ага стратегиялык айныксыз өнөктөшү Казакстанды кошуу Москванын баштатан болжоп келаткан кыйды саясатынын натыйжасы. Анын үстүнө 1990-жылкы жалаң славян республикаларынын Беловеж токоюндагы кутумга окшотуп Казакстанды киргизбей жаңы биримдик түзүү Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө умтулуп жаткан Орусиянын саясий кызыкчылыгына туура келмек эмес.

Жаңы биримдиктин эшиги каалоочуларга ачык экенине басым жасаган расмий Бишкек Кыргызстан ага кирүү-кирбөөнү азырынча ойлонуп атканын айтуу менен чектелди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, Кыргызстан көптөгөн демилгелерди колдоп келатат. “Төрт мамлекеттин Москвада чогулуп интеграция түзүү демилгеси КМШ мамлекеттеринин интеграциясына пайдалуу таасир тийгизсе, биз андай чечимди колдойбуз. Албетте, бул тууралуу консультациялар өткөрүлөт, сүйлөшүүлөр жүрөт”, - дейт ал.

Жаңы биримдик КМШ мамлекеттеринин бир-эки жылдан бери чоң үмүт артып келаткан Евразия Экономикалык Биримдигинин болочок тагдырын кыйла арсар абалга кептелтээри бышык. “Келечек долбоору” коомдук фондунун кеңеш мүчөсү Муратбек Иманалиевдин айтымында, жаңы биримдик азырынча түзүлө элек. Ал кандай негизде иш алып бараары, кайсы багытты көздөөрү белгисиз:

- Орусия, Казакстан, Украина, Белорусия – төртөө биригип уюштурмакчы болгон уюм азырынча жок,- дейт Муратбек Иманалиев.- Бул уюмдун өзү кандай, анын негиздери менен принциптери эмнеге негизделет, кайсы багытты көздөйт – мунун баары азырынча белгисиз. Мен экономист эмесмин, бирок да жаңы уюмда бирдиктүү акча системасы түзүлсө дурус болор эле.

Непадам, жаңы экономикалык биримдик түзүлсө ага Кыргызстандын кошулушу толук ыктымал. Буга чейинки КМШ мамлекеттеринин арасында уюшулган көп уюмдардан айырмаланып “төрттүктүн” жаңы экономикалык биримдиги иштеп кетсе, экономикалык жагынан чабал республика андан утуш гана алар эле. Болбоду дегенде, жаңы биримдиктен Орусия менен Казакстанда соода кылып, кара жумушта иштеп жүрүшкөн улутташтарыбыз утуш алмак. Азырынча кыргыз бийлиги жаңы биримдик тууралуу позициясын ачык билдире элек.
XS
SM
MD
LG