Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

ПАРЛАМЕНТ «РЕГЛАМЕНТ ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНА КЫЛДАТ МАМИЛЕ ЖАСООДО


Конституциянын жаңы редакциясына таянган кыргыз парламенти өзүнүн президент тарабынан таркатылаары же өзүн-өзү таркатаары тууралуу божомолдорду жокко чыгарды. Ошондой болсо да азыркы Жогорку Кеңештин өткөөл парламент катары мөөнөтү бүткөнгө чейин иштешин Башмыйзамга жараша «Регламент жөнүндө» ийкемдүү мыйзам кепилдей алат. Бул мыйзам парламенттик талкууга ушул аптада коюлаары күтүлүүдө.

Конституциялык реформа Жогорку Кеңештин кош палатасын бириктирип, келерки парламенттин укуктарын президенттики менен теңештирди. Мындай өзгөрүү Кыргызстан өңдүү чакан мамлекеттин мыйзам чыгаруу бийлигинин укугун эле кеңейтпестен, таасирин күчөтөт. Расмий бийлик ушундай көз карашты сап кармап турганы менен, эскиче иштөөгө мүмкүнчүлүгү чектелген кош палаталуу парламенттин бүгүнкү жагдайы тууралуу ар кыл пикирлер арбын айтылууда.

«Парламент таратылат экен» деген имиш конституциялык реформа башталгандан бери кадыресе көрүнүшкө айланды. Мыйзам чыгаруу палатасынын акааратчыл саясий күчтөрүнүн аткаруу бийлигинин сүйгүнчүгүнө ээ боло албаганы, айрым маалымат каражаттарында Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу макалалардын байма-бай жарыяланышы мындай божомолдордун күчөшүн шарттаган себептерден болду.

«Парламент таратылабы-жокпу» деген талаш Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин жаңы өңүттө талкууга алына баштады. Маселен, парламентарийлер жаңы Башмыйзам кош палатанын мөөнөт бүткөнгө чейин иштээрин кепилдеп турганын далидешүүдө. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев:

- Менин оюмча, ага баруу мүмкүн эмес. Себеби, референдум бекитип бербедиби, Конституциянын экинчи бөлүмүндө белгиленген да.

Ал эми айрым атка минерлер, тескерисинче, Конституциянын жаңы редакциясы кош палатанын мындан ары иш алып барышына моралдык жактан жол бербегендигин айтышат. Маселен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Токон Шайлиева Башмыйзамды сыйлап, депутаттар өз каалоосу менен эле тарап кеткени оң деген ойдо:

- Урматтуу депутаттар өздөрү эле кетиш керек да. Конституцияда бир палата болсо, эки палата отура береби? Конституцияны алгандан кийин Конституция менен жашаш керек да.

Парламенттин алдында өткөөл мезгилдин оор милдеттери турганда мындай күдүк божомолдорго чек коюуга убакыт жеткенин мыйзам чыгаруучу палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев 3-марттагы парламенттик отурумда билдирди. Ал өз сөзүндө депутаттарды парламенттин ишин жокко чыгарууга ыктаган күчтөрдүн таасирине, ашкере саясатчыл билдирүүлөргө алдырбай иштөөгө чакырды:

- Ызы-чууга, провокацияларга алдырбай, чыдамкайлыкты, сабырдуулукту сактап, өз тагдырыбыз өз колубузда экенин эске алуу менен, жаратман иштерге бириккенибиз оң болор эле.

Жогорку Кеңештин кош палатасынын алдындагы негизги маселе - «Регламент жөнүндөгү» мыйзамды талкуулап, кабыл алуу. Муну бириккен долбоор боюнча өткөн аптанын башында эркин ой бөлүшкөн эки палатынын депутаттарынын басымдуу бөлүгү белгилешти. Анткени бул мыйзам Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Жогорку Кеңештин 2005-жылга чейинки жана андан аркы иш багытын аныктайт. Ошондуктан көпчүлүк парламентарийлер кандай болгон шартта да, айрыкча, 2005-жылга чейинки өткөөл парламенттин ишин камсыздоочу кынтыксыз мыйзам болушуна дилгир. Бирок, мыйзам долбоору азыр ийине жете элек. Кокус «Регламент жөнүндөгү» мыйзам ич ара пикир келишпестиктерди курчутууга ыктуу жаралып калса, парламенттин легитимдүүлүгүнө байланыштуу талаш маселелердин көтөрүлүшү ажеп эмес.

- Эки палата бүгүнкү күндө де-юре, де-факто болуп жазылып атса, бириккиле деп атканына мен абдан кооптонуу менен карап атам. Себеби, бул карама-каршылыкка алып келгени жатат. Маселен, бир регламент түзүп койсок, эки палата карама-каршылыкка келет, тигилердин чечими менен биздин чечим туура келбей калышы мүмкүн. Экинчиден, сот органдары менен карама-каршылык келип чыгышы мүмкүн. Сот айтат, «бул мыйзамыңарды кабыл албайбыз, себеби регламентте «Жогорку Кеңештин төрагасы бирөө болуш керек» десе, силерде экөө экен» деп. Мына ушуга окшогон карама-каршылыктар чыгып кетиши толук мүмкүн. Бул деген юридикалык казуистика,- дейт Орозбек Дүйшеев.

Эки палатанын үч долбоорунун негизинде иштелип чыккан «Регламент жөнүндөгү» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук боюнча комитети менен этика боюнча комиссиясы бир аптадан бери биргелешип талкуулап, өз сунушун даярдап жатышат.

Бирок ал канчалык даражада өткөөл парламент үчүн ийкемдүү болот - али белгисиз. Анткени Конституциянын «Жогорку Кеңеш үчүн «Регламент жөнүндө» бир гана мыйзам болушу керек» деген көргөзмөсү менен азыркы кош палаталуу Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү көп жагынан кайчы келүүдө. Депутат Дүйшеевдин билдиргенине караганда, бийлик бутактарынын ортосунда, Жогорку Кеңештин кош палатасынын ичинде карама-каршылыктар жаралбаш үчүн долбоорду комитеттер кылдат иштеп чыгып, анан палатага сунуштайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG