Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ БАРДЫК ӨЛКӨЛӨР УМТУЛАТ, БИРОК АЛАР АНДАН ЧЫГЫП КЕТЕ АЛАБЫ?


Нарын АЙЫП, Прага 2004-жылы Европа Биримдигине дагы он жумурият жаңы мүчө болуп кошулат. Бирок бул жаңы талапкер-мамлекеттер Биримдикке жаңы талаптарды коюуда жана ага байланыштуу уюмдун негиздөөчү документтерине өзгөртүүлөр да киргизилүүдө.

Европа мамлекеттеринин баары Европа Биримдигине кошулууну каалайт, бирок уюм ар бир эле өлкөнү өзүнө мүчө кылып кабыл ала бербейт. Уюмга кошулуш үчүн, талапкер мамлекеттер белгилүү талаптарды аткарууга тийиш, бирок Биримдиктин негиздөөчү документтеринде уюмга мүчө өлкө каалаган учурда андан кандай шартта чыгып кете ала тургандыгы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Биримдикке кошулуп жаткан он жаңы жумурияттын кеминде экөөндө - Латвия менен Эстонияда - бул маселе акыркы мезгилде көтөрүлүп, кызуу талкууланууда.

Балтик жээгиндеги үч жумуриятты Советтер Союзу 1940-жылы күч менен өзүнө кошуп алган. СССРдин конституциясында Союздан кантип чыгып кетүү тууралуу эч кандай эреже болбогондуктан, аны Балтик элдери "түрмө" деп да атачу. Азыр болсо Латвия Европа Биримдигине кошулуп жатканда анын эли советтик тарыхты эстеп, эгер Биримдиктеги турмуш латвиялыктарга жакпай калса, өлкө бул уюмдан качан кааласа өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө да укуктуу болууга тийиш деп эсептейт.

Биримдиктин ичинде өзүнчө эрежелер иштеп, ал уюм катары бир багытта өнүккөндүктөн, ага мүчө мамлекеттердин маданий турмушу да бара-бара бир-бирине жакындап, улуттук өзгөчөлүктөр барган сайын жоюлуп баратканы белгилүү. Ошондуктан Латвия менен Эстониянын саясатчылары - андай улуттук өзгөчөлүктүн жоголушу коркунучтуу деңгээлге жетсе, Биримдикке мүчө болгондон көрө, андан чыгып кеткен жакшы деген пикирде.

Мындай чочулоолор мурда эле айтылып келген, ошондуктан бир-эки жылдан бери Европа Биримдигинин өз алдынча конституциясы да даярдалып жатат жана ал азыр "Европанын келечеги боюнча кеңешмеде" талкууланууда. Ал Кеңешменин төрагасынын басма сөз катчысы Николаус Мейер-Ландруттун айтымында, конституция долбоорунун 46-беренеси мүчө-мамлекеттерге уюмдан чыгып кетүүгө укук берет:

- Бул беренени конституцияга киргизүүнү сунуштагандардын пикиринде, мындай эреже келечекте өтө деле жогору мааниге ээ болбойт. Бирок бул берене - Европа Биримдигине кошулууга каршы чыккан саясатылардын аргументтерин азайтат. Биримдикке кирип жаткан өлкөлөрдө жакында бул маселе боюнча жалпы элдик референдумдар өткөрүлүүгө тийиш жана биригүүгө каршы чыккандар: биз өз улуттук өзгөчөлүгүбүздөн айрылып жатабыз, биз өз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп жатабыз. Биз артка кайрыла албайбыз, биздин бардык мурдагы жетишкендиктерибиз жоголушу мүмкүн деген сыяктуу ойлорду айтууда.

Чехиянын Эл аралык маселелер боюнча институтунун кызматкери Радек Холдун пикиринде, Европа Биримдигине кошулгандан кийин, андан чыгып кетүү баары бир өтө татаал болот:

- Эгер Европа Биримдигине мүчө өлкө келечекте бул уюмдан чыгып кетем десе, андай кылуу өтө кыйынга турат - саясий да, экономикалык да, укуктук жана каржылык да бир топ маселе пайда болот. Менин оюмча, көпчүлүк мүчө-мамлекеттер ага барбайт.

Бирок Европа Биримдигинин тарыхында андан чыгып кеткен учур болгон. Гренландия аралы Дания мамлекетинин курамында. Бирок 1985-жылы Гренландия Биримдиктеги мүчөлүгүн токтоткон, анткени аралдын тургундары менен Европанын башка мамлекеттериндеги элдин турмушу өтө эле ар башка болгондуктан, Европа Биримдигине мүчө болгондон Гренландия эч пайда тапкан эмес.
XS
SM
MD
LG