Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

ОРУСИЯ ООНДУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫНА ВЕТО КОЙОТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Ирак боюнча Кошмо Штаттар менен Британия сунуш кылган жаңы резолюцияга вето койо турганын билдирди. Орусиянын мындай катаң позициясынын артында кандай максаттар турат?

Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов АКШнын Коопсуздук кеңешинин уруксатысыз АКШнын Иракка согуш ачышы эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу боло турганын эскертти. ”Бул Бириккен Улуттар Уюмунун хартиясын бузгандык болот.ООНдун хартиясы бузулган учурда Коопсуздук кеңеши түзүлгөн ахвалды талкуулап, тиешелүү чара көрүүгө тийиш",- деп билдирди Иванов.

Ушул жумада АКШы менен Британия 17-мартка чейин Ирактын толук куралсыздануусун талап кылган резолюциянын долбоорун ушул жумада Коопсуздук Кеңешинде добушка койушат. Эгерде Кеңеш резолюцияны кабыл албаса, АКШ Иракка каршы кеңештин уруксаты жок эле согуш ачууга кесенүүдө.

Өткөн айдын соңунда Орусия Ирак боюнча катаң позициясын бекемдеп, Франция жана Германия менен биргелешкен декларацияга кол койгон. 10-мартта президент Владимир Путин Франциянын президенти Жак Ширак менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирактагы курал инспекторлордун иши улантылууга тийиш деген пикирин дагы бир жолу бекемдеди.

Орусия Вашингтондун Ирак боюнча саясаты менен макул эместигин буга чейин эле кайтоолдоп айтып келген. Бирок өткөн аптанын соңунда ал АКШ менен Британия сунуш кылган резолюцияга вето койо тургандыгын жарыялады. Акыркы жылдарда Орусия менен Вашингтондун тышкы саясатында жакындашуу пайда болгондугун белгилей кетүү керек. Орусия АКШнын эл аралык терроризмге каршы өнөктүгүнө колдоо көрсөткөн. АКШнын Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу жаатындагы позициясы да Москванын колдоосуна ээ болгон. Бирок мындай "жакындашуу" Орусиянын Америкага каршылаш өлкөлөр менен мамилесине терс таасир эткен эмес. Орусия Ирак, Түштүк Корея жана Иран сыяктуу өлкөлөр менен эзелтен берки жакшы мамилесин сактап калды жана саясий серепчилер Орусиянын азыркы катаң позициясынын негизги себептеринин бири Орусиянын Ирак менен болгон экономикалык алакаларынан келип чыккан кызыкчылыктары менен байланыштуу деп эсептешет. Былтыр Орусия Ирак менен мунай, энергетика жана транспорт тармагында кызматташуу боюнча 40 миллиард долларлык келишимге кол койгон. Андан сырткары Орусия менен Ирактын ишкер фирмалары мунай өндүрүү тармагында кызматташат. Кремль ошондой эле советтик доордон калган 8 миллиард доллар карызын Ирактан өндүрүп алууга үмүттөнөт. Бул пландар Улуттар Уюмунун Иракка санкция киргизгенине байланыштуу токтоп калган. Бирок алардын ишке ашышына үмүт бар. Ал эми Иракка каршы согуш ачылса Орусиянын пландарынын таш-талканы чыкмакчы.

Вашингтон Иракта Орусиянын экономикалык кызыкчылыктары бар экенин жакшы билет жана Москваны ал пландарды ишке ашыруу үчүн оболу Саддам Хуссейндин режимин кулатуу зарылчылыгына көндүрүүгө аракет кылган. Бирок Ирактын мунай кендерин толук көзөмөлгө алып, согуштан кийин Ирактын мунай өндүрүшүн өзү каалагандай калчаганы жаткан АКШдан өзүнө жол тийбей турганын таасын түшүнгөн Орусия буга макул эмес. АКШнын Ирак саясатына каршы туруп, Орусия өзүнүн экономикалык жана саясий кызыкчылыктары менен эсептешпей койгонго болбой тургандыгын Вашингтонго көрсөткүсү келип жатат.

Ошол эле мезгилде мунайга бай Орусиянын Иракка күнү түшпөгөнүн, эгер Иракка каршы согуш ачылса, Орусия андан чоң жоготууга учурабай тургандыгын белгилей кетүү керек. Бул жөнүндө Мамдуманын депутаты Владимир Лукин: "Биздин саясатыбыз жалпысынан туура. Ал Иракта согушту болтурбоого багытталат. Согуш биздин кызыкчылыгыбызга төп келбейт.Бирок согуш болуп кетсе, Орусия андан күм-жам болуп кетпейт! "- деп айтты. Жыйынктактап айтканда, Москва азыркы каршылыгы менен Вашингтондун глобалдык геосаясий маселелерди чечүүдөгү өзүмчүлдүгүнө жол бербей турганын туйунткусу келет.

Орусиянын Ирак боюнча катаң турумуна ички себептер да түрткү болуп жатканын айта кетүү абзел. АКШнын өзүм билемдигине өтө жумшак мамиле кылып жатканы үчүн Путин ички оппоненттердин кескин сынына дуушар болууда. Орус президенти экс-советтик жумурияттарда америкалык аскерлерди жайгаштырууга жол бергендиги,1972- жылы Советтер Союзу менен АКШнын ортосунда кол койулган "ОСВ-2" келишиминен чыгып кетүүгө макул болгондугу үчүн жеме уккан. Ирак кризисинде да жумшактык кылса орус президентинин абройу такыр түшүп кетиши ыктымал эле. Келерки жылы президенттик шайлоо алдында турган Путин буга жол бере албайт.
XS
SM
MD
LG