БИШКЕК. Эртең,12-мартта Бишкекте КМШ мамлекеттеринин чек ара кызмат башчылар кеңешинин жыйыны болот. Ага КМШдагы 12 мамлекеттин - Азербайжандын, Беларустун, Грузиянын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Украинанын жана Кыргызстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери катышат. Жыйында чек ара кызматтарынын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү, чек ара адистерин даярдоо, бирдиктүү иш-чараларды өткөрүүнү каржылоо жана чек ара кызматын жакшыртуу боюнча маселелер каралып, акырында бир катар документтер кабыл алынат. Аларды жогоруда аталган мамлекеттердин эксперттери 9-марттан бери Бишкекте даярдашты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Үсөн Полотов кабарлады.