Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

«Акыл-эс, рух жана ыйман» бирикмеси Ирак маселесине байланыштуу митинг өткөрүү ниетинен кайта элек


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы «Акыл-эс, рух, жана ыйман» бирикмеси АКШнын Иракка согуш ачуу ниетине каршы митинг өткөрүү өтүнүчүн Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясына кайрадан жолдоду. Райондук администрация бирикменин Бишкектин борбордук аянтында митинг өткөрүүнү өтүнгөн мындан аркы өтүнүчүнө уруксат берилбей тургандыгын 25-февралда кабарлаган. Администрация буга Бишкек шаар кеңешинин «бардык митинг, демонстрация, жүрүштөргө мораторий жарыялаган» 2002-жылдын 30-ноябрындагы чечими негиз берээрин билдирген. «Акыл-эс, рух жана ыйман» бирикмеси шаар кеңешинин бул чечими Конституциянын 16-беренесине карама-каршы келээрин белгилеп, эгерде райондук акимчилик уруксат бербесе аны сотко берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG