Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

БУУнун Өнүктүрүү Программасы Кыргызстандын Акыйкатчысына 140 миң доллар бөлдү


БИШКЕК. Бүгүн БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) Кыргызстандын Акыйкатчы институтун калыптандырууга багытталган долбоор үчүн 140 миң АКШ долларын бөлдү. Ал документке ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кол коюшту. Кол коюудан кийин айтылган маалыматка караганда, долбоор 9 айдын ичинде ишке ашырылат. Анын алкагында Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үчүн көмөк, кеңеш берилип, материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөт. Турсунбай Бакир уулунун билдиргенине караганда, адам укуктары тууралуу бардык маалыматтары бар китепкана түзүлүп, Акыйкатчынын жергиликтүү органдарына жардам берилет жана кызматкерлер Акыйкатчы институту кадыресе калыптанып калган өлкөлөрдө окутулат.

XS
SM
MD
LG