Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан жабыркаган жумушчулардын бирөө каза болду


БИШКЕК. Бишкек ТЭЦинде быйыл 1-март күнү болгон аварияда жабыркаган жумушчулардын бири Андрей Дедера каза болду. Бүгүн Бишкек ТЭЦинен ушундай кабар түштү. Ал маалыматка караганда, авария учурунда Андрей Дедеранын денесинин жарымы күйгөндүктөн врачтар эч жардам көрсөтө алышкан жок. Азыр дагы бир жумушчунун - Солодин Зиямовдун абалы начарлоодо. Кырсыктын себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия азырынча эч кандай жыйынтыкка келе элек. Ал эми өткөн жылы 176 ишкананы текшерип чыккан Чүй облусунун эмгек боюнча мамлекеттик инспекциясы жумушчулардын өлүмүнө алып келген же майып кылган өндүрүштөгү кырсыктарды иликтөөгө болгону 20 миңден 40 миң сомго чейин бөлүнөөрүн аныктады. Андан тышкары ал текшерилген ишканаларда эмгек коопсуздугун бузган 931 учурду каттоого алды.

XS
SM
MD
LG