Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Иран Кыргызстанга 1 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлдү


БИШКЕК. Иран Ислам Республикасы Кыргызстандын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырыш үчүн 1 миллион АКШ долларын грант түрүндө бөлдү. Буга негиз берген меморандумга тышкы иштер министри Аскар Айтматов Ирандагы расмий иш сапарынын учурунда кол койду. Андан тышкары А. Айтматов менен Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази 10-мартта биргелешкен маалымат-коммюникеге кол коюшту. Коммюникеде эки мамлекет өз ара байланышты өркүндөтүүгө, саясий, экономикалык, маданий тармактарда кызматташууну күчөтүүгө, региондогу бардык проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүгө, соода байланышын күчөтүш үчүн тариф-бажы саясатын жөнөкөйлөтүүгө дилгир экендиги айтылган. Анда ошондой эле эки өлкө тең «Ирак маселеси саясий сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынышы зарыл» деген көз карашты карманаары белгиленген. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG