Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Оппозициялык кыймыл президент А. Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган билдирүү таратты


БИШКЕК. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы шейшемби күнү билдирүү таратты. Анда, «Аксы окуясына адилет баа берилбегендиги, конституциялык реформанын бурмаланышы, Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек арасы боюнча макулдашууну кароодо аткаруу бийлигине көз каранды экендигин көрсөткөнү, «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун камакта жатышы, депутаттар Ишенбай Кадырбеков менен Исмаил Исаковду кордоп-коркутуу, «Кыргыз ордо» гезитинин чыгышын токтотуу , «Моя столица» гезитине каршы сот иштеринин уюштурулушу бизге президент А. Акаевдин кызматтан кетишин талап кылууга негиз берет», деп айтылган. Билдирүүдө Кыргызстан элинин ассамблеясынын 6-марттагы курултайындагы оппозицияны айыптаган пикирлер негизсиз экендиги да белгиленген.

XS
SM
MD
LG