Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Ташкенде кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн түштөн кийин Ташкен шаарында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны башталды. Кыргыз тараптын делегациясын Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектөөдө. Ал эми өзбек делегациясына бул мамлекеттин кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын башчысы А. Абдулазизов жетекчилик кылууда. Бул тууралуу шейшемби күнү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери Мелис Сыдыков билдирди. Анын айтымында, эки мамлекеттин делегациясы үч топко бөлүнүп иш жүргүзөт. Биринчи топ - чек араны делимитациялоо, экинчи топ - Кыргызстандын Барак анклавына жол ачуу, ал эми үчүнчү топ - чек арадагы текшерип-өткөрүү пункттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөр 13-мартка чейин созулмакчы.

XS
SM
MD
LG