Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Кыргызстанга ЕврАзЭСтин башкатчысы Григорий Рапота келди


БИШКЕК. 10-марттын кечинде Кыргызстанга жумуш сапары менен Евразия Экономикалык Шериктештигинин башкатчысы Григорий Рапота келди. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев баш болгон расмий жетекчилер менен жолугушуп, шериктештиктин алкагындагы электр энергиясына байланыштуу программаны аткаруу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу шейшембиде Тышкы иштер министрлигинин КМШ бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамкулов билдирди.
Ал эми 12-мартта Кыргызстанга КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Юрий Яров келет. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Ю. Яровдун иш сапарынын максаты - КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин, өкмөт башчыларынын жана президенттеринин апрель айында өтүүчү жолугушуусуна даярдык көрүү.

XS
SM
MD
LG