Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ РЕФЕРЕНДУМГА ЭКИ ЖУМАДАН КЕМ УБАКЫТ КАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Чечен Республикасынын калкы мамлекет Конституциясына тиешелүү референдумду өткөрүү алдында турат. Алдыдагы чоң саясий окуяга чечен калкы даярбы? Деги референдум калк турмушун өзгөртүп, оор саясий кырдаалды жөнгө салууга мумкундук береби? деген суроо учурда жалаң гана Орусияда эмес, жалпы эле эл-аралык коомчулук тарабынан да түрдүү ойлорду жаратууда. Ичкерияда өтө турган референдум алдындагы жагдай туурасында Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун материалынан уга аласыздар.

Республика жетекчилиги «Чеченстанда референдумга карата даярдык иштери жыйынтыктоо алдында турат» деген билдирүү таратты. Билдирүүгө таянып айтсак, «Ичкерия калкынын басымдуу бөлүгү референдумду өткөрүүгө, Конституция жана республика президенти менен Парламентин шайлоо боюнча мыйзамдар үчүн добуш берүүгө даяр» экен. Чечен администрациясы «Референдум күнүнө карата калк ичинде Конституция тууралуу кабары жок адам болбойт» деген терең ишеничте. Анткени 500 миң нускада чечен жана орус тилдеринде басылган Баш мыйзамдын тексти менен референдумга чейин калк толугу менен таанышууга мүмкүндүк алат.

Бирок, мындай ишенимди орусиялык жана бир катар эл-аралык эксперттер тобу, укук коргоочулар бөлүшпөй тургандыгын билдиришти. «Мемориал» укук коргоо борборунун башчысы Олег Орловдун оюнда, «Чеченстанда референдум өткөрүүгө азырынча эч кандай шарт түзүлө элек, ошондой эле бүгүн бийлик тарабынан калктын референдумга келишин талап кылган кысым күчөп жатат». Ал эми айрым башка эксперттердин ойлорунда, дал ушул март айынын бешинен тарта Чеченстандагы ашыкча аскерий бөлүктөрдү өлкөдөн чыгаруу жана блокпосттордун санын кыскартуу иши да референдумга тикеден тике байланыштыгы бар.

Алдыдагы референдумдун өтүүсүнө тоскоолдук кылуу тууралуу буга чейин жоочулар тарабынан бир канча ирет сигналдар берилген болучу. Ушундан уламбы, Европа Кеңеши коопсуздуктун толугу менен сакталуусуна эч ким жооп бере албайт деген ой менен, референдумга өзүнүн байкоочуларын жибербөө чечимин кабыл алды. Бирок, Орусия жетекчилиги буга карата анча деле кейибегендиги байкалат. Президент жардамчысы Сергей Ястрежембский бир канча эл-аралык уюмдарга референдумда байкоочулук кылуу өтүнүчү менен чакыруу каттары жиберилгендигин, бирок азырынча эч ким ага жооп бере электигин айтты. Ал эми Европа Кеңешинин референдумга өз байкоочуларын жибербей тургандыгы тууралуу чечимин ал «түшүнүксүз» деп тапты. Ястрежембскийдин пикиринде, бул чечимде чыныгы жардамдан көрө, саясий оюнду түзүү аракеттери көбүрөөк байкалат:

- Канчалык деңгээлде биз үчүн бул чечим таң калыштуу болбосун, Чеченстанда референдумдун өтүүсүнө ал эч кандай тоскоолдук кылбайт.

Алдыдагы чоң саясий окуяга катыша турган республика калкынын саны, Чечен администрациясынын билдирген маалыматына караганда, 537 миң адамды түзөт. Бул цифра республикадан сыртта, тактап айтканда, Ингушетиядагы качкындар лагерлеринде жашагандарды да өзүнө камтыйт. Мындан сырткары, Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, референдумга республикада туруктуу жайгашкан аскерий бөлүктөрдүн жоокерлери да катышмакчы.

Ичкериядан сыртта жайгашкан качкындардын референдумга катышуусун камсыз кылуу ниети менен атайын автоунаалар бөлүнүп бериле тургандыгы туурасында Орусия Президентинин Чечен республикасындагы адам укугун коргоо боюнча атайын өкүлү Абдул Хаким Султыгов маалымдады. Анын айтымында, лагерлерде жашагандардын ичинде оорулуулар өз ордунда эле добуш берүүгө укуктуу жана бул үчүн атайын шарттар түзүлүп берилет.

«Чечен республикасындагы кандуу күрөшүүдөн жапа тарткандарга, анда үй-жайынан айрылгандарга мүлкүн толуктап берүү маселеси эки-үч жылдын ичинде толугу менен чечилет» деп маалымдайт Чечен республикасынын администрациясынын өкүлү Анатолий Попов:

- Негизинен бул максатта сарпталуучу каражаттын көлөмү алдын ала эсептөөлөргө караганда, 20 млрд. рублду түзүшү керек. Чеченстанды калыбына келтирүү ишин турмушка ашыруу үстүндө федералдык, казыналык жана бир катар башка программалар иштейт. Алардын бири «бүлүчгөн мүлктү толуктап берүүгө багытталган. Азырынча биз бул тапшырманы кандайча орундатуу тууралуу иштеп жатабыз. Бир канча түрдүү программалар түзүлүшү ыктымал. Анткени, калк бүгүн бир жерде эмес, бир канча аймактарда жашайт. Эң башкысы - эч ким унутта калбайт.

Ал эми ушул күндөрү Москвада Чечен маданиятынын фестивалы өткөрүлүүдө. Үч күн бою жүрө турган маданий иш-чара бир канча көргөзмөлөр жана оюн-зоок программалар менен коштолмокчу.
XS
SM
MD
LG