Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

ТИБЕТТИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Кытай үстөмдүгүнө каршы Тибетте чыккан элдик көтөрүлүштүн күч менен басылганына 10-март күнү 44 жыл толду. Бозгунчулукта жашаган Тибет лидери Далай-лама бул күнү Кытай жетекчилигине кайрылып, аны Тибет автономиясын кайрадан калыбына келтирүүгө чакырды.

Байыркы Тибет мамлекетин Кытай 18-кылымда басып алган, бирок 1911-жылдагы Кытай төңкөрүшүнөн соң Тибет эгемендүү өлкө болуп жарыяланган. Анткен менен, 1949-жылы Кытайдагы бийликке коммунисттер келгенден кийин, 1950-жылы Тибетке аскер киргизилип, ал кайрадан Кытайдын курамына кошулган. Кытай баскынчылыгына каршы 1959-жылы Тибетте элдик көтөрүлүш чыккан, бирок кытай аскерлери аны күч менен басып, өлкө жетекчиси Далай-лама 10-мартта Индияга качууга аргасыз болгон. Далай-ламанын өз аты Тенцин Гуатцо жана өлкөсүн таштап сүргүнгө кеткенде, ал 24 жашта болчу. Аны менен кошо качкан тибеттиктер эмгиче Индиянын Дхармсала шаарында жашайт.

Тибет өзүнүн байыркы маданияты жана диний өзгөчөлүгү менен белгилүү. Буддизм дини дүйнөгө Тибеттен тараган, акыркы мезгилде буддизмге көптөгөн интеллектуалдар кызыга баштады жана дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө буддистик кошуундар менен тибеттик коомдор бар. Бозгунчулукта жашаган тибеттиктер өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгү үчүн күрөшүүнү уланткан, Далай-лама болсо, андай күрөш куралсыз гана болуш керек деп чыгып, өзүнүн андай аракеттери үчүн 1989-жылы Нобель сыйлыгын да алган.

Бирок Далай-ламанын сунуштарын Кытай өкмөтү, албетте, укпайт жана анын өзүн дагы, аны колдогон батыш саясатчыларын да Кытай турмушун түшүнбөгөндүктө күнөөлөйт. 1959-жылы Тибетте эки миллионго жакын адам жашаган, бирок андан кийин Тибетте миңдеген ханзулар отурукташтырылгандыктан, тибеттиктер өз мекенинде улуттук азчылыкка айланды. Азыр Тибетте алты миллион тибеттик менен кошо жети жарым миллион ханзу жашайт. Ошондой эле саясатты Бээжин кошуна Шиңжаңда да жүргүзүүдө. Эгер 1945-жылы ханзулар Шиңжаң калкынын беш кана пайызын түзгөн болсо, азыр автономиялык райондун калкынын жарымы - ханзулар.

Лондон шаарында жайгашкан Тибет өкүлчүлүгүнүн катчысы Церинг Ташинин айтымында, ханзулардын Тибетке көчүрүлүп келиши азыр Тибет эгемендүүлүгүнө эң негизги коркунуч болууда: "Тибеттин ар башка булуң-бурчтарына көптөгөн ханзулар көчүп келип жаткандыктан, тибеттиктер өз өлкөсүндө улуттук азчылыкка айланды. Мисал үчүн, борбор калаа Лхаса азыр тибеттик эмес эле, кытай шаарына айланып кетти. Анын калкынын көпчүлүгүн ханзулар түзөт, бирок аларга дагы көптөгөн кытай аскерлерин да кошуш керек. Бул абдан чоң коркунуч".

Ханзулар Тибетке Бээжин тарабынан даярдалган өндүрүштү өнүктүрүү планы боюнча келүүдө. 1951-жылдан бери Тибет токойлорунун 40 пайызы кыйылып жок кылынды. 1996-жылы болсо Кытай өкмөтү патриоттук билим берүү программасын да иштеп чыккан жана ага ылайык Тибеттин ибадатканалары жабылып, буддизм дини куугунтукка алына баштады. Кытай баскынчылыгына каршы көбүнчө кечилдер каршы күрөшкөндүктөн, азыр алардын дээрлик бардыгы же камакка алынган же өкмөттүн катуу көзөмөлү алдында аракеттенет. "Эл аралык мунапыс" уюму тарабынан эле Тибетте камакта жаткан 250 кечил "абийир туткуну" деп таанылган.

Тибет кайрадан эгемендүү мамлекет болооруна барган сайын улам аз адам ишенет. Далай-ламанын Тибет автономиясын кайрадан калыбына келтирүү чакырыгына Кытай өкмөтү, албетте, эч кандай жооп кайтарган жок.
XS
SM
MD
LG