Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Соңкөлдө балык кармоо тартипке салынды


НАРЫН. Нарын облусундагы жаратылышты коргоо боюнча коомдук уюмдан 11-мартта алынган маалымат боюнча, буга чейин Соңкөлдө балык кармоо иштерине так көзөмөл жүргүзүлбөй, чарбасыздык өкүм сүрүп, көлдүн айланасындагы экологиялык абал начарлаган. Өлкөнүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы балык департаментинин адистеринен жана Нарын облустук кеңешинин кызматкерлеринен куралган тендердик комиссия Соңкөлдө балык кармоого укуктуу чарбалык субъектилердин санын аныктады. Тендердик тандоодон өткөн 10 чарбага жылына 150 тонна гана балык кармоого уруксат берилип, экологиялык нормаларды сактоо милдети катуу коюлду.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG