Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Жалалабад облусундагы төрт бейөкмөт уюмдун долбоорун жактырды


ЖАЛАЛАБАД. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Жалалабаддагы 4 бейөкмөт уюмдун долбоорун жактырды. Элчиликтин «Демократияны колдоо» комиссиясынын грантына арзыган долбоорду «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын облустук бөлүмү, «Абат», «Чолпоната» жана «Ай толду» бейөкмөт уюмдары түзүшкөн. Долбоор ээлери 6 ай бою Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Жалалабад аймактарында калкты жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга тартуу, бул багытта реформаны тереңдетүү темасында семинарларды өткөрүшөт. Алар ошондой эле өзүн-өзү башкаруу боюнча 800 нуска китепче чыгарып, аталган аймактарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын эл алдында отчет беришин уюштурушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG