Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНА КАРШЫ СОТ ИШИ УЛАНТЫЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шейшемби күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун өкмөт башчы Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону улантты.

Бул күнкү сот жараянына өкмөт башчы Николай Танаевдин атынан анын адвокаты Николай Жучков, ал эми жабырлануучу катары Турсунбек Акун жана анын адвокатыТокторбек Ашыркул уулу катышты. Адегенде жабырлануучу тарап судьяга бир нече өтүнүч менен кайрылды. Тагыраак айтканда, алар судьядан Николай Танаев өткөргөн маалымат жыйынынын стенограммасын алдырууну, өкмөт башчысынын «Турсунбек Акун чет өлкөлүк уюмдардан акча алды» деген сөзүн далилдеш үчүн күбөлөрдү чакыртууну өтүнүштү. Анткени буга чейинки сот жараянында өкмөт башчынын адвокаты Николай Жучков 1994-жылы Турсунбек Акундун чет өлкөлүк уюмдардан акча алгандыгына байланыштуу сот жараяны өткөрүлгөндүгүн жарыялаган. Ошондой эле Жучков мына ошол сот процессинде Турсунбек Акунга каршы көрсөтмө беришкен «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын» мурдагы мүчөлөрү Боталиев Сардарбекти жана Асанов Жолдошту сот жараянына алып келүүнү убада кылган. Ал эми шейшемби күнкү сот жараянында Николай Жучков негедир өзүнүн мурдагы берген убадасынан кайтып, сот жараянына күбөлөрдү алып келүүдөн баш тартты:

- Качан кандай өтүнүч айтып, качан ал өтүнүчүмдөн баш тартуу - менин укугум. Силер мага бул маселе боюнча «Жучков мындай кылсын, Жучков тигиндей жасасын» деп айтууга укугуңар жок.

Николай Жучковдун мындай сөзүнө Турсунбек Акун жана анын коргоочусу каршы болушту. Турсунбек Акун буга чейин өлкөдөгү бардык грант берүүчү уюмдардан бир да тыйын акча албагандыгын айтып, Николай Жучковдон соңку сот жараянындагы убадасын аткарууну талап кылды. Ошондой эле ал сот жараянын алып барып жаткан судья Мадина Давлетбаевага ишенбей тургандыгын жарыялады. Ал эми анын адвокаты Токторбек Ашыркул уулунун сот жараянындагы маалыматына караганда, Турсунбек Акундун үстүнөн мындан сегиз жыл мурда козголгон кылмыш иши буга чейин бийлик тарабынан төрт жолу козголуп, негизи жоктугунан токтотулган. Ага карабай 2002-жылдын апрель айында өкмөт аппаратынын өтүнүчү менен ал Башкы прокуратура тарабынан дагы бир жолу текшерилип, далили жоктугунан жабылган. Андан аркы сөзүндө Токторбек Ашыркул уулу өкмөт башчысынын кызмат абалынан пайдаланып жаткандыгы мыйзамсыз экендигин айтып, мындай фактыны териштирүүнү судьядан өтүндү.

Жабырлануучунун мындай өтүнүчүн судья кабыл алган жок. Ушул эле күнү судья сот жараянынын аяктагандыгын жарыялап, каршылашкан тараптарды соңку сөз сүйлөөгө чакырды. Доогерлердин сөз сүйлөөгө даяр эместигине байланыштуу сот жараяны шаршемби күнкүгө жылдырылды.

Ошентип, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган укук коргоочу менен өкмөт башчысынын соттошуусу жакын арада соңуна чыгат. Ал эми Турсунбек Акун болсо эмитен эле сот тарабынан анын талабын орундатаарына ишенбей тургандыгын билдирди:

- Мен судьяга биринчи күндөн бери алты жолу ишенбей тургандыгымы билдирдим. Кыскасы, сот Николай Танаевди күнөөлүү кылбайт. Ошого баратат. Бирок мен муну менен тим калбайм. Райондук сот талабымды канааттандырбаса, шаардык сотко кайрылам, шаардык соттон кийин Жогорку Сотко, айлам кеткенде Эл аралык сотко кайрылам.

Турсунбек Акун «өкмөт башчысы Николай Танаев 2002-жылдын 9-сентябрында өткөн маалымат жыйынында «Турсунбек Акун жүргөн жерде баш-аламандык жана кан төгүлүү болот» деген сөздөрү менен арнамысыма шек келтирди» деп Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Моралдык чыгым үчүн ал Николай Танаевден бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG