Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

БИШКЕКТЕ СЕРГЕЙ ДУВАНОВДУН УКУГУН КОРГОО ПИКЕТИ ӨТТҮ


11-мартта Кыргызстандын бир катар укук коргоочу уюмдарынын жана эркин басылмаларынын өкүлдөрү Бишкектеги Казакстандын элчилигинин имаратынын алдында казакстандык белгилүү журналист Сергей Дувановду коргоо максатында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Колдоруна «Дувановго, Жакияновго, Аблязовго боштондук!», «Сергей Дувановдун ишинде акыйкат сот чечимин күтөбүз!» «Эркин журналисттерди, көз карандысыз укук коргоочуларды куугунтуктоону токтоткула!» деген плакаттарды кармаган 20дай кыргызстандык укук коргоочулар жана журналисттер 11-март күнү эртең менен Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Бир саатка созулган пикетти Топчубек Тургуналиев жетектеген «Абийир туткундары» гильдиясы уюштуруп, ага «Жарандык коом жана демократия үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы, «Арнамыс» партиясы, «Республика», «Моя столица» гезиттеринин өкүлдөрү катышты. Нааразылык акциясынын катышуучуларына күч органдарынын кызматкерлери четтен байкоо салып турушту. Пикет тынч өттү.

Нааразылык акциясынын максатын жана эмне себептен ал 11-мартка белгиленгенин Топчубек Тургуналиев мындай негиздеди:

- Бүгүн Казакстандын Алматы облустук соту белгилүү журналист жана укук коргоочу Сергей Дувановдун апелляциялык арызын карай баштайт. Ошол себептен пикетти бүгүн өткөрүп отурабыз. Максатыбыз - бир эле Дувановдун укугун эмес, Казакстан бийлиги тарабынан оппозициянын куугунтукка алынып келаткан Мухтар Аблязов, Галымжан Жакиянов баштаган саясатчыларынын жана эркин журналисттердин да укугун коргоо. Укук коргоочулар үчүн журналисттер сыяктуу эле чек ара жок. Себеби, Казакстанда болобу, Кыргызстанда болобу, бардык бийликтердин оппозицияга карата колдонуп келаткан куугунтугу окшош жана адилетсиз.

Белгилүү журналист Сергей Дуванов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Батыш банктарындагы эсептерин сынга алган курч макалаларды жазган. Дуванов «Кристина Капелюшина аттуу жаш кызды зордуктады» деген күнөө менен 2002-жылдын октябрь айында камакка алынып, 2003-жылдын 28-январында Алмата облусунун Карасай райондук сотунун чечими менен үч жарым жылга эркинен ажыратылган. Сот жараяны көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп өткөнүнөн дүйнөлүк жана казакстандык укук коргоочу уюмдар «Сергей Дувановдун ишин Казакстан бийлиги атайылап уюштурду» деген жыйынтыкка келишкен.

Алсак, «Казакстан адам укугун коргоо бюросунун» деректири Евгений Жовтис «Азаттыктын» кабарчысына мурда берген маегинде Карасай райондук сотунун чечими Сергей Дувановдун журналисттик жана саясий ишмердүүлүгүнө Казакстан бийлигинин берген жообу болду деген пикирин айткан эле:

- Учурда дүйнөлүк коомчулук да, анын ичинде Казакстандын жарандары да Дувановдун үстүнөн уюштурулган чагымчылыкты райондук сот кантип бекемдеп бергенин жакшы түшүнүп турушат. Бул чечим демократиялык коом курам деген Казакстандын кадырына көлөкө түшүрөт. Мындай жыйынтык үчүн Назарбаев жана анын айланасы жоопкерчиликте болот, себеби, мындай укуктук системаны ошолор түзүшпөдүбү.

Евгений Жовтистин мындай пикирин белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова да колдойт. Ал 11-мартта Бишкекте өткөн пикет маалында Сергей Дуванов Казакстандын бийлиги тарабынан ак жеринен эле куугунтукка алынып, камакка алынганын айтты:

- Сергей Дуванов бир эле Казакстандагы эмес, бүт Борбордук Азиядагы авторитар президенттердин ишин сынга алган курч макалаларды жазганы үчүн куру жалаа менен соттолуп отурат. Ошол себептен биз Дувановдун ишин Алмата облустук соту адилет чечип беришин талап кылып, пикет өткөрүп турабыз.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин жооптуу кызматкерлери Нусуп Сагадиев менен Сыязбек Орунбаев пикетте чыккандардын өкүлү катары Топчубек Тургуналиевди кабыл алышып, акция өткөргөндөрдүн талабын Казакстандын жетекчилигине жеткирүүгө убада беришти. Жолугушуудан кийин Топчубек Тургуналиев пикетчилердин талабы кат жүзүндө Казакстандын элчилигине берилгенин, ал ошол эле күнү Астанага жөнөтүлгөнүн элчиликтин кызматкерлери маалымдашканын айтты.

XS
SM
MD
LG