Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

ӨКМӨТ ЖАҢЫЛАНСА ЭЛ ТУРМУШУ ЖАКШЫРАБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Эгемендүүлүктүн 12 жылында Кыргызстанда өкмөт жетекчиси 9 жолу жаңыланды. Алардын ичинен 2 өкмөт башчысы каза болгонуна байланыштуу орун жаңыланса, 4 премьер-министр бийлик кризисинен улам кызматтарынан кол жуушту. Учурда «Николай Танаев жетектеген өкмөт жаңыланат» деген сөз коомчулуктун көңүлүн буруп келет. Өкмөттүн бат-бат жаңыланышы өлкөнүн экономикасына да кедерги тийгизип жатканын көпчүлүк эксперттер белгилеп келишет.

Учурда өз милдетин өтөп жаткан өкмөт өткөн жылдын март айында Аксыда болгон кандуу окуядан улам жаңыланган. Май айында Аксы окуясын териштирген Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Курманбек Бакиев жетектеген өкмөт кызматтан чегинип, анын ордуна көп өтпөй Николай Танаев жетектеген жаңы өкмөт келген.

Бул өкмөттүн иштегенине 10 ай толо элек. Өткөн жылы өкмөт жаңыланган учурдан тартып, анын өмүрү кыска болоорун эксперттер да эскертип келишти. Мамлекет башчысынын эки-үч курдай маалымат каражаттары аркылуу жаңы өкмөт менен узакка иштешээри тууралуу айтканы да коомдук пикирди өзгөртө албады. Арадан мезгил өтүп, Аксыдагы кандуу окуянын изи сууган сайын өкмөт башчысынын жаңыланышы тууралуу маселе кайрадан көтөрүлө баштады. Айрым массалык маалымат каражаттарында жакында өкмөт жаңыланаары, күз айларында парламентке кезек жетээри жөнүндө божомолдор да ар кыл пикирдин жаралышына шыкак берип келет. Айрым талдоочулар олуттуу маселени чечүүгө өкмөт алсыз экенин баса белгилеп, 10 ай аралыгында азыркы өкмөт элдин турмушун жакшыртыш үчүн кандай иштерди аткарганына жооп издеп кыйналышат.

Өкмөттүн бат-бат алмашышы түбү келип өлкөдөгү кадр саясатындагы туруктуулукка терс таасирин тийгизээрин, ал өз учурунда өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кедерги болоорун саясатчылар бир ооздон белгилеп келатышат. Биз бул маселе тууралуу бийлик адамдары болобу же мейли оппозиция өкүлү болобу көп кайрылып, пикирин билүүгө аракет кылып жүрөбүз. Эң башкысы - эки тараптын пикири бир жерден чыгат. Эки тарап тең өкмөттүн тез-тез жаңыланышы түбү келип өлкө экономикасына залака келтирээрин жашырышпайт. Ош облусунун губернатору Накен Касиевге: «Кадр саясатында туруктуулуктун жоктугу, бат-бат алмаштыруу өзүнүн терс таасирин тийгизип жаткан жокпу?» деп кайрылганыбызда ал:

- Стабилдүүлүк абдан керек. Стабилдүүлүк болсо иш алга жылат. Стабилдүүлүк болсо кадрларда ишеним пайда болот. Мен мунуңузга кошулам, - деген пикирин айткан эле.

Ушундай эле суроо менен Курманбек Бакиевге, ал өкмөттү жетектеп турган учурда кайрылганыбызда:

- Эми тагыраак айтсак, өкмөттүн алмашканын эсептесек, 8 жолу алмашты, бирок, өкмөттүн башчыларын эсептегенде мен жетинчиси экемин. Апас Жумагулов эки жолу келип кетпедиби, ошону менен сегиз болуп атат. Туура айтып жатасыз, бат алмашкандын тескери жагы бар. Мына, мисал үчүн, өкмөт алмашты, министрлер алмашты. Жаңы министр келет экен да, аппаратка тийбей коюштун ордуна алмаштыра баштайт. Башка кишилер келет, тигилер ишин улантып кете албайт. Бат-бат алмашкандын ушундай тескери жактары бар. Менин жеке оюм - бул бат алмаштыргандын эч жакшылыгы жок. Жоопкерчиликти сурай турган да эч ким болбой калып жатпайбы. Баштаганы бирөө, улантканы экинчиси, аягына чыкпай калганы үчүнчүсү, анан кимден сураш керек? Ошондуктан кадр саясатында туруктуулук болсо жакшы болот. Мен ойлойм, акыркы учурда көп эле алмашуулар болду. Мунун тескери жагы: Кыргызстан кичине эле өлкө, бат-бат алмаштырганда кадрлардын тамырына балта чаап коюп жатабыз, - деген пикирин айткан болчу.

Бирок, көп өтпөй эле Курманбек Бакиев өзү кызматынан четтетилип, тогузунчу премьер-министрге орун бошотуп берген. Эми тогузунчу өкмөт жетекчиси өз ордун онунчусуна өткөрүп береби деген маселе коюлуп отурат. Эгемендүүлүккө ээ болгон 12 жыл аралыгында 10 жолу өкмөттүн жаңыланышына карапайым калк гана эмес, саясат таануучулар да жооп издеп, баш катырып келишет.

XS
SM
MD
LG