Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:21

ЗИЛЗАЛА САРСАНААСЫ, ӨКМӨТ ТАГДЫРЫ, ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕФОРМА ЖОМОГУ


Соңку күндөрү кыргыз басма сөзүндө жарык көргөн макалаларга баяндама.

А. Акаевди кезектеги шайлоого алып чыгаарда анын жактоочулары “президент баштаган демократиялык реформаларынын аягына чыксын”, деген жүйө айтышканы менен, 12 жылдык жаңылануулардын натыйжасы билинбей атканына Вячеслав Тимирбаев “Реформалар эмнеден аксап жатат?” деген макаласында токтолгон. Журналисттин ой жүгүртүүсү «Моя столица» гезитинин шаршембиде чыгуучу санында жарыяланмакчы. “12 жылдык демократиялык жаңылануунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, өлкө жетекчилиги жаңы коомго өтүүнүн жолун таба албады”, деп жазат Тимирбаев. Автордун айтымында, “ушу таптагы республиканын реформаторлору - кечээки партиянын үгүтчүлөрү, коммунисттик идеянынын жалындуу жактоочулары болчу. Ошондон алар реформанын мүчүлүштөрү тууралуу ачык кеп кылууну каалабай, кыялдагы ийгиликтерди көтөрө чалып мактоону жактырышат. Республика орто кылымдык обочолонуунун торунан чыга албай отурса деле дүйнөлүк биримдикке кошулганды айтып, элди жубатып келет”.

Ушул эле гезиттеги Замир Өсөровдун «Кош, Кыргызстандын «чүйгүн жери»!» деген макаласында чек ара маселелери козголгон. Автордун маалымдаганына караганда, Кыргызстандын кыйла жери үзүлүп-кертилип кошуналарга кетип жатат. “Чүйдүн кыйла жерин 40 байталга казактарга сатып ийген кыргыз манабынын жолун жолдогондор арбын чыгууда. Жерин тымызын кошуналарга берип ийгендердин айынан Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын ичиндеги катнаш кыйынга турууда, айрым жерлер опсуз чоң анклавдарды эстетип калды. Жер тагдырын жалгыз чечкен жеке бийлик калк кызыкчылыгы менен эч качан эсептешкен эмес”, дейт автор.

Конституциянын жаңы редакциясында саясий партиялардын укугу чектелип, алардын коомдук турмуштагы орду төмөндөтүлгөнү шейшембидеги «Аалам» гезитинде козголду. Кубанычбек Сейдалиевдин жазышынча, Конституциялык Кеңешме маалында парламенттен партияларга орун бөлүүнү колдой турганын билдирген президент пикирин өзгөртүп жибергени түшүнүксүз. Автордун болжолунда, бийлик алмашса Конституция дагы өзгөртүлөт, ошондо партиялардын өнүгүшүнө жетиштүү шарт түзүлөт.

Кытайдагы чоң жер титирөөдөн кийин кыргыз басылмаларында зилзала тууралуу адистердин пикирине арбын орун бериле баштады. «Аалам» гезитинин шейшембидеги санында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директорунун орун басары Эрнест Мамыровдун маеги жарыяланды. Окумуштуунун айтымында, 1992-жылдын 19-августта Суусамырда күчү 9-10 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин Кыргызстандын сейсмологиялык картасы жаңыланган. Анда жакынкы 15 жыл аралыгында республиканын кайсы жеринде жер титирөө болушу ыктымал экендиги көрсөтүлгөн. Ошол аймактарда күчү 5-7 баллга жеткен 22 жер титирөө болуп өттү.

Зилзала санаасы шейшембидеги «Агым» гезитинде да чагылдырылды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Аскер Турдугуловдун «Ош-Баткен чегинде жер титиреши мүмкүн» деген маегинде айтылган божомол боюнча, жакынкы 2-3 жыл ичинде Ош, Баткен облустарынын чек арасында, Кытай менен Тажикстандын чек арасында 6-7 баллдык жер титирөө болушу ыктымал.

Ушул эле гезиттеги маегинде Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев «кызмат ордума кызыккандар бар экен» деп, өкмөттүн спортко мамилесин ачыкка чыгарат. Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси кызматтан кетсе кыргыз спортчулары эмдиги жылкы Афинадагы Олимпиада оюндарына катыша албайт. Эл аралык олимпиада комитети дүйнөлүк спорт оюндарына катышуу эрежесине ылайык келишимди Эшим Кутманалиев менен түзгөн.

Жакын арада жаңыланган Конституцияны шылтоо кылып, президент аткаруу бийлигин алмаштырышы мүмкүн экендигине «Агым» гезитинде Абдувахаб Мониев токтолгон. Азыркы президенттин тушунда өкмөт 8 ирет жаңыланды. Өлкөнүн экономикасына жоопкер өкмөт башчынын кызматтан алынышы, автордун айтымында, «президенттин жеке мамилесинин чегинде, өзүн-өзү коргоо инстинктинин жетегинде гана чечилип келатат».
Кыргызстандын көп шаар-кыштактарында жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн өлкө болжол менен 10 миллиард сом чыгым тартышы ыктымал экенин шейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Гезиттин жазганы боюнча, буга көбүнесе акча жоктугун шылтоо кылган жергиликтүү бийлик күнөөлүү.
XS
SM
MD
LG