Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Эл аралык коомчулукта Иракка байланышкан талаш - тартыштар уланууда


Британ премьери Тони Блэр Ирак президенти Саддам Хусейнди куралсыздандыруу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде мунасага жетүү аракеттерин токтотпосун билдирди.Бирок, британ өкмөт башчысынын айтымында Орусия менен Франциянын Иракка күч колдонууга мүмкүндүк берген резолюцияга вето койорун эскертүүсү кырдаалды татаалдантууда:
-Мени кабартыланткан нерсе - өлкөлөр ыңгайы келген учурда ветону колдоноорун айтуу менен Саддамга "сен илмекте эмесиң " дегенди каңкуулап жатканы.Менимче бул өтө эле ийгиликсиз болот.
Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуш кылынган резолюцияга Ирак белгиленген мөөнөттүн ичинде толук куралсыздануу жөнүндөгү талаптарды аткаруусунун графиги көргөзүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизээрин маалымдаган. Ал эми Орусия жана Франция кечээ Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбооруна вето койорун жарыялаган эле. Орус тышкы иштер министри Игорь Иванов бүгүн өз өлкөсүнүн турумун Иранда болгон учурунда кайра кайталап, Ирактагы ыктымал согушка каршы глобалдык альянс түзүү чакырыгы менен чыкты. БУУнун Коопсуздук Кеңешине АКШ, Британия, Испания сунуштаган резолюцияда Ирак толук куралсыздануусун көрсөтүүчү соңку мөөнөт катары 17-март белгиленген. Резолюция кабыл алынышы үчүн аны Коопсуздук Кеңешине мүчө он беш өлкөнүн тогузу колдошу, беш туруктуу мүчөнүн биринен да вето болбошу керек.
Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшердин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда,документ ушул аптанын ичинде колго салынат.

XS
SM
MD
LG