Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

ТАЖИКСТАНДА АДВОКАТТАР АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Тажикстанда Адвокаттардын улуттук ассоциациясын түзүү аракеттери жасалууда. Бул өлкөнүн юридикалык системасын чыңдоо жаатындагы маанилүү кадамдардын бири болушу мүмкүн. Бирок, жергиликтүү адвокаттар ассоциация уюштуруу алардын ишине олуттуу деле өзгөрүү алып келбесин айтышат.

Тажикстанда Адвокаттар ассоциациясын түзүү демилгесин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Душанбедеги өкүлчүлүгү көтөрдү. Алардын демилгесине ылайык, адвокаттардын уюму адегенде эки облуста түзүлдү, эми ошол чөлкөмдүк уюмдардын артынан март айынын соңунда Адвокаттардын улуттук ассоциациясын негиздөө белгиленүүдө. ЕККУнун Душанбедеги өкүлү Марк Гилберттин айтымында, адвокаттардын улуттук ассоциациясы, биринчиден, көз карандысыз юридикалык системаны түзүү жаатындагы маанилүү кадам болот, экинчиден, адвокаттардын таасири күчтүү прокуратура органдарынан көз карандысыздыгын шарттайт:

- Кандай система болбосун тең салмактуулукка муктаж. Тажикстандын Конституциясында юридикалык система көз карандысыз болуш керектиги айтылган. Азыр болсо Тажикстанда прокуратура өтө маанилүү роль ойнойт. Адвокаттар ассоциациясына ээ болуу менен юридикалык системанын эки башка компоненти ортосунда тең салмактуулук камсыздалат.

Тажикстандын 1994-жылы кабыл алынган Конституциясы адвокаттардын көз карандысыздыгын кепилдейт. Анткен менен жергиликтүү эксперттердин пикиринде, адвокаттардын юридикалык системадагы орду совет доорундагыдай эле азыр да номиналдуу. Мындай пикирлерди душанбелик адвокат Давлат Саркоров төгүндөбөйт:

- Тажикстанда адвокаттардын сотко эч таасири жок, жалпысынан эч роль ойнобойт. Алардын орду номиналдуу. Биз сотто өз көз карашыбызды айтабыз, бирок эч качан көздөгөн натыйжага жете албайбыз.

Ислам Вакосов - Тажикстандын Адам укуктарын коргоо кыймылынын жетекчиси Ал адвокаттар өзүлөрүн коргоону караган мыйзамга муктаж деп эсептейт:

- Тажикстанда прокурордун, милициянын же соттун аброюна шек келтирүү кылмыш кылмыш катары саналат. Бирок, сиз адвокатты каалагандай кордой берсеңиз болот. Буга каршы эч мыйзам жок.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Тажикстандын юридикалык системасынын көз карандысыздыгы - көп күмөнсүнүүлөрдү жараткан маселе. Ал аткаруу бийлигинен көз карандысыз деп айтыш кыйын. Соттордун айлыгы орто эсеп менен айына он долларды түзөт. Андыктан, сотторду паракор катары шек санагандар да жок эмес. Тажикстандын баш прокурорунун орун басары Азимзат Имоновдун айтымында, өткөн жылы райондук соттордун эки судьясына пара алганы үчүн кылмыш иши козголуп, алар сот жообуна тартылган.

Девид О’Коннор - АКШнын адвокаттар ассоциациясынын Душанбедеги өкүлү. Ал адвокаттардын улуттук ассоциациясынын түзүлүшү юридикалык системадагы коррупцияга каршы күрөшүүгө да жардам берет деген ишенимде:

- Эгер ал күчтүү уюм болсо,таасири артмак. Башка уюмдар, маселен, Соттордун ассоциациясы менен иштешмек. Соттордун ассоциациясы - белгилүү уюм,
балким, алар биргелешип коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдорун издешмек.


Анткен менен жергиликтүү адвокаттар уюм түзүү менен эле өз ишинде олуттуу өзгөрүүгө жетишеринен көп деле үмүттөнүшпөйт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG