Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШ СОТУНУН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ


Адамзат тарыхындагы тунгуч Эл аралык Кылмыш соту ушул шейшембиде ишке киришүүдө. Соттун уставы ага адамзатына каршы кылмыштар, анын ичинде тукум курут саясаты үчүн жазалоого укук берет. Соттун түзүлүшүн колдогондор бул окуяны акыркы жарым кылымда адам укуктарын коргоодо орун алган эң ири жылыш деп баалашууда. Ошол эле убакта, айрым уюштуруу иштерине байланыштуу, сот дароо эле милдетин аткарууга кирише албайт.

Согуш кылмышкерлери биринчи жолу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Нюрнбергде жана Токиодо соттолгон. Ал эми 1990-жылдардагы Балкан жаңжалынын кылмыштары мурдагы Югославия боюнча трибуналда каралууда. Бүгүн эми туруктуу иштей турган бүткүл дүйнөлүк атайын сот ишке киришүүдө. Бул соттун ачылыш аземи 11-мартта Гаагада болуп, ага Бириккен Улуттардын баш катчысы К.Анан жана конок ээси Голландиянын ханышасы Бетрикс катышты.

Сотту ишке киргизүү боюнча аракеттер былтыр июнь айында башталган эле. Шейшембидеги салтанаттан кийин деле ушул иштер улантылат. Бул тууралуу Кылмыш сотунун юрист-кеңешчиси Пакисо Мочочоко "Азаттыктын" кабарчысына мындай деди:

- Соттун иш ыргагында анча деле өзгөрүш болбойт. Башкы көңүл соттун административдик структурасын түзүүгө, соттордун ишке киришүүсүнө бурулат.

Туруктуу иштөөчү Эл аралык Кылмыш соту 1998-жылы Бириккен Улуттарга кирген 120 мамлекеттин чечими менен негизделген. Келишим өткөн жылы июль айында 60 өлкө ратификациялагандан кийин күчүнө кирди. Бүгүнгө чейин бул мамлекеттердин тизмеси 89га жетти. Алардын арасында Борбор Азиядан Тажикстан гана бар. Кыргызстан менен Өзбекстан келишимге кол коюшканы менен, парламенттери аны али жактыра элек.

Адистердин айтымында, Кылмыш соту согуш кылмыштарын жазалоо менен чектелбестен, адам укуктарынын абалын жана прокурорлордун акыйкат иш жүргүзүшүн кепилдөө менен да алек болот. Соттун президенти апрель айында шайланат, ага чейин сот кызматкерлери тергөөчүлөрдү да ишке ала алышпайт.

Соттун айланасында чуулгандуу кырдаал бар экенин айта кетишибиз керек. АКШ бул сотко каршы чыгууда. Конгресс америкалык жарандар бул сотто саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн деп эсептейт. АКШнын президенти Жорж Буш Кылмыш соту тууралуу келишимден чыгып кеткен. Буштун администрациясы алтургай 20 чакан өлкө, анын ичинде Тажикстан менен америкалык жарандарды бул сотко бербөө тууралуу макулдашып алды.

Эл аралык “Хюман Райтс Уотч” аттуу укук коргоочу уюмдун өкүлү Ричард Дикерсон АКШнын бул турумун туура эмес деп эсептейт:

- Кошмо Штаттар түшүнбөөчүлүк менен каршы чыгып туруп албаганда, бул соттун таасири кыйла күчтүү болмок. Буш администрациясынын сотко каршы чыгуу чечими, менимче, АКШны тарыхтын тескери тарабына коюп жатат.

Ал эми Кылмыш сотунун кеңешчиси Пакисо Мочочоко келишимди да ратификациялап, АКШ менен да макулдашкан өлкөлөр баары бир эл аралык мыйзамдарды сыйлоого милдеттүү экендигин эскертти.

Кылмыш сотунун ишинде айрым чектөөлөр бар экенин унутпашыбыз керек. Тактап айтканда, бул сот кылмыш болгон өлкөнүн жогорку соту кылмышкерлерди жоопко тарта албаган же тарткысы келбеген учурда гана тергөө баштай алат. Кылмыш ишин козгоону улуттук орган, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши же көз карандысыз прокурорлор сунуш этишет. Кылмыш сотунда мамлекеттер эмес, жеке адамдар соттолот. Адамзатка каршы кылмыштар деген эмне экени майда-чүйдөсүнө чейин так аныкталган жана, соттун уставында айтылгандай, анда кеңири таркаган жана улам кайталанган кылмыштар гана каралат.
XS
SM
MD
LG