Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Бириккен Улуттар Уюмунун документтери кыргыз тилине которула баштады


БИШКЕК. Адам эркиндиктери жана укуктары боюнча институт Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарына байланыштуу төрт документин кыргыз тилине которуп, Адам укуктары боюнча эл аралык лиганын жардамы менен атайын китепче кылып чыгарды. Бүгүн бул тууралуу жогоруда аты аталган институттун башчысы Топчубек Тургуналиев билдирди. Китепченин бет ачаарына катышкан Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Бириккен Улуттар Уюмунун документтеринин кыргыз тилине которулушун жогору баалап, бул ишти Акыйкатчы институту улантаарын, ал эми которулган документти пайдаланаарын билдирди. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов калкынын 72,5% кыргыз тилинде сүйлөгөн Кыргызстан үчүн БУУнун мындай документтерин кыргыз тилинде жарыялап, жергиликтүү элдин укуктук билимин көтөрүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Китепченин бет ачаар аземине эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, ал жетектеген институт Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарына байланышкан документтерин которууну улантат.

XS
SM
MD
LG