Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:28

КМШнын аткаруу комитетинин жана ЕврАзЭСтин башкатчылары Бишкекте иш сапары менен жүрүшөт


БИШКЕК. 12-мартта Кыргызстанга КМШнын аткаруу комитетинин башкатчысы Юрий Яров иш сапары менен келди. Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, анын негизги максаты - президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, КМШ мамлекеттеринин алдында турган азыркы маанилүү маселелер боюнча пикир алышуу.
Ал эми кечээ Кыргызстанга келген Евразия Экономикалык Шериктештигинин башкатчысы Григорий Рапота шейшемби күнү премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, Кыргызстандын энергетикалык ири ишканаларын курууга Орусиянын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Ушул эле маселелер боюнча Григорий Рапота бүгүн «Электр станциялар» акционердик коомунун президенти Сагынбек Дордоев менен да сүйлөштү. Алардын жолугушуусунда кандай чечимдер кабыл алынганы азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG