Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Президент А. Акаев Кыргызстандын элине жана парламентине кайрылды


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Кыргызстандын элине жана Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттарына салттуу кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Беш бөлүктөн турган кайрылуусунда президент Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин мамлекет алдында турган саясий-экономикалык милдеттерди санап өттү. Жаңы Конституция коомдо демократиялык негиздерди бекемдөөгө, адам укугун коргоого, бийликтин бардык бутактарынын көзөмөлдө турушуна негиз болоорун белгилеген президент, аны ишке ашырыш үчүн эң ириде укуктук-нормативдик базаны өркүндөтүү зарылдыгын билдирди. Экинчи милдет катары ал элдик бийликти күчтөндүрүп, жергиликтүү бийлик органдарын финансылык жактан камсыздоо жана өкмөт менен жарандык коомдун эриш-аркак иштешине жетишүү керектигин айтты. Ал эми мамлекеттик түзүлүштү чыңдаш үчүн, А.Акаевдин пикири боюнча, Жогорку Кеңештин регламенти жана өкмөт жөнүндөгү мыйзамдарды тезинен кабыл алып, сот системасындагы реформаны ыкчамдатыш керек. Мындан тышкары президент чечимдерди кабыл алуунун жана аларды аткаруунун натыйжалуу технологиясын иштеп чыгуу зарыл экендигин да эске салды.
Кайрылууда айтылгандарга караганда, өкмөт ушул март айынын акырына чейин Кыргызстандын 2004-2006-жылдардагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүүгө тийиш. Мындан тышкары мамлекет башчысы ички дүң продуктуну 6%ке көбөйтүү, инфляциянын көлөмүн 4%тен ашырбоо, калктын кирешесин 8-10%ке жогорулатуу, жардылыктын деңгээлин 5%ке кыскартуу милдетин койду. Президенттин айтымында бул үчүн четтен келген жардамды натыйжалуу пайдаланып, Париж клубунун талаптарын так аткарып, карыздарды жойдуртуш керек. Кайрылуудагы маалыматтарга караганда, жардылыкты жоюу аракети өткөн жылы 2001-жылга караганда начар болуп, 2,4% гана алдыга жылган. Президент буга губернаторлор менен акимдерди күнөөлөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG