Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

«Кыргыз ордо» гезити «Республика» гезити менен бирге чыга баштайт


БИШКЕК. «Кыргыз ордо» гезити бейшемби күндөн тартып «Республика» гезити менен чогуу чыга баштайт. Бул тууралуу шаршемби күнү «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев билдирди. Анын айтымында, буга «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова менен жетишилген макулдашуу негиз берди.
Оппозициялык маанайдагы «Кыргыз ордо» гезити 2003-жылдын башынан бери чыкпай келатат. Анткени Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин арызынан улам Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун январь айындагы чечими менен «Кыргыз ордо» гезитинин мүлкү камакка алынган. Натыйжада гезит жарык көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG