Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Түркияда Иракта ыктымал болуучу согушка каршы демонстрация өттү


Жүздөгөн демонстранттар Иракта ыктымал болуучу согушка даярдык көрүү үчүн америкалык аскерлер пайдаланып жаткан Искендерум портунунун жанына чогулду. Антиамерикалык сөздөрдү айткан демонстранттар порттун ичине кирүүгө аракеттенгенде полиция аларды токтотуу үчүн абага эскертүү ирэтинде ок атып, күч колдонууга мажбур болгон. "Анадолу" жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, полиция демонстранттардын бир нечесин камакка алган. Түркия калкынын көпчүлүгү Иракта ыктымал болуучу согушка каршы. Ушул айдын башында өлкө парламенти америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндөгү түрк өкмөтүнүн өтүнүчүн четке каккан эле. АКШ болсо түрк өкмөтү менен жетишилген утурумдук макулдашууга ылайык, Искендерум портуна өзүнүн аскерий жабдууларын алып келе баштаган .
Кечээ Түркиянын премьер-министрлигине дайындалган Режеп Эрдоган өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүүдө. Ал Иракта ыктымал болуучу согушка байланыштуу өлкөдө америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берүү өтүнүчү менен түрк парламентине кайра кайрылышы мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG