Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Британия Ирактын алдына жаңы талаптарды койгон жатат


Алардын бирине ылайык, Ирактын президенти Саддам Хусейн массалык кыргын салууучу куралдарын жашырып келгенин моюнга алып, эми алардан баш тартаарын теле көрсөтүү аркылуу жасаган жарыясында кепилдеши керек. Британ тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марк О’Брайендин айтымында, Лондондун жаңы алты шартынын арасында Ирак 30тай окумуштуусуна БУУнун инспекторлоруна, Кипрге барып көрсөтмө берүүсүнө уруксат кылышын, күйдүргү дартынын вирусу бар 10 миң литр затты, башка биологиялык, химиялык куралдарын жок кылышын караган талаптар бар. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде болсо Ирак боюнча консультациялар улантылууда. АКШ Кеңештин алты мүчөсү: Ангола, Гвинея, Камерун, Мексика, Пакистан, Чилинин Ирактын толук куралсыздануусу үчүн Иракка дагы бир жарым ай мөөнөт берүү жөнүндөгү сунушун четке какты. АКШ Ирак боюнча экинчи резолюциянын долбоору ушул аптада колго салыныш керек деп эсептейт. Коопсуздук Кеңешине берилген резолюциянын авторлорунун бири-Испаниянын тышкы иштер министри Анна Паласио Парижде франциялык кесиптеши Доминик де Вильпен менен жолуккан соң билдиргенине караганда, Франция вето койорун эскерткенине байланыштуу документ кайра кайтарылып алынышы да ыктымал.

XS
SM
MD
LG