Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

А. АКАЕВ: «МИНИСТРЛЕР, ГУБЕРНАТОРЛОР ЖАНА АКИМДЕРДИН КӨБҮ ЭЛДИН ПИКИРИН ЭСКЕ АЛБАЙ ЖАТЫШАТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстандын президентти бүгүн Кыргызстан калкына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу менен чыкты. Ал аткаруу бийлигинин айрым кемчиликтерин сынга алды: «Жардылыкты азайтуу боюнча былтыркы жылдын жыйынтыктары 2001-жылга караганда кыйла начар. Өкмөт, губернаторлор көптү убада кылып, жардылыкты азайтуу аракетин эң сонун сүрөттөшкөн эле. Бирок, жеңиштүү рапорттордун көз боемо түтүнү таркаган кезде бар болгону 2,4% гана жылганыбыз анык болду».

Мамлекет башчысынын кезектеги кайрылуусу «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы - өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн негизи» деп аталды. Кайрылуусунун башкы багыты катары президент буларды белгиледи:

- Конституциянын жаңы редакциясы туруктуу өнүгүү кырдаалындагы мамлекеттик институттардын башкы багыттарын жана иш механизмдерин аныктайт. Демек, ал биздин туруктуу алга илгерилешибиздин пайдубалын түзүп, төмөнкүлөрдүн негизинде камсыз болот:

- коомубуздун демократиялык негиздерин бекемдөө;
- адам укугунун реалдуу артыкчылыктарын жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик бийликтин функционалдык жактан тең салмактуулугун, жоопкерчилик механизмдерин жана бийликтин бардык бутактарынын көзөмөлдө турушун камсыз кылуу.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда кол алдындагы аткаруу бийлигинин өкүлдөрү элдин пикирин эске албай, начар иштеп жатышканын ачык айтты:

- Кыргызстан калкынын жакында болуп өткөн Курултайына катышкан өкүлдөр министрлердин, губернаторлордун жана акимдердин көбү начар иштеп, элдин пикирин эске албай жатканын айтышты. Калк айтса калп айтпайт эмеспи! Демек, бүгүн жарандык коом менен тыгыз жана туруктуу байланыш түзө албасак, бейөкмөт секторду чечим кабыл алууга жана аны жүзөгө ашырууга тартпасак, демократияны натыйжалуу өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Андан ары мамлекет башчысы өлкөдө демократиялык жараяндардын жана анын жетишкендиктерин коргоо жана чыңдоо үчүн Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш түзгөнүнө токтоло кетти. Ал Коомдук кеңештин башкы милдети - өлкөдө болуучу ар кандай коогалаңдардын алдын алуу экенин айтты:

- Демократиялык коопсуздук кеңеши демократиялык башатыбызга шек келтирчү коогалаңды өз маалында аныктап, демократиялык институттардын иш тажрыйбасын талдоого алып, аларды өркүндөтүү жана коомдун накта турмушуна ыңгайлаштыруу боюнча чараларды сунуш кылат деп ишенебиз.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жер-жерлерде жардылыкты жоюу боюнча иш-чаралар өткөн жылы солгун жүрүп, үзгүлтүккө учураганын айтып, ага өкмөт менен губернаторлорду күнөөлөдү:

- Жардылыкты азайтуу боюнча былтыркы жылдын жыйынтыктары 2001-жылга караганда кыйла начар. Өкмөт, губернаторлор көптү убада кылып, жардылыкты азайтуу аракетин эң сонун сүрөттөшкөн эле. Бирок, жеңиштүү рапорттордун көз боемо түтүнү таркаган кезде астыртан абай салып, айрым үй чарбаларын иликтөө көрсөткөндөй, биз бар болгону 2,4% гана алга жылганыбыз ырасталды. Башкача айтканда, айрым аймактарда жардылыктын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш жалпысынан үзгүлтүккө учураган.

Айрым эксперттердин ырастоосуна караганда, президенттин калайык-калкка карата жазгы кайрылуусунда жалпы сөздөр көп болуп, өзөктүү бир ойлор камтылбай калган. Алардын айткандарына ишенсек, кайрылуу коомчулук күткөндөй эмес, солгун мүнөздө болду.

XS
SM
MD
LG