Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

ИРАККА СОГУШ: МАКУЛ, КАРШЫ, КАЛЫС


Кошмо Штаттардын бүгүн-эртең Иракка уруш ачаары тууралуу маселе ушу тапта жамы дүйнө калкын түйшөлтүүдө. Урушка каршы тургандардын катары күн санап өсүүдө. Кыргызстанда калк маанайы кандай?

Айрым аналитиктердин айтымында, жаңжалдын чыгышына энергетикалык фактор, Перс булуңундагы жанармайга ээлик кылуу аракети түрткү берсе, башка бирөөлөрдүн жүйөөсүнө караганда, ыктымал уруш маселеси ириде цивилизациялардын кагылышынан улам чыгууда. Алдагыдай божомол-жоромолдордун артында чоң саясатка тиешеси жок миллиондогон карапайым адамдардын пенделик тагдыры, өмүр-өлүмү башбактап турат.

Кошмо Штаттардын Иракка канабайрам салуу ниетин айыптап, Бишкектин бир топ тургундары ушул айдын башында нааразылык билдирип аянтка чыгышкан. Кырды-бычакка жетип калган чалкеш маселени тынчтык жол менен чечүү зарылдыгын ырастаган билдирүү кабыл алынып, жалпыга жарыя кылынган. Андан аз өтпөй “Акыл-эс, рух жана ыйман” коому нааразылык жыйынын өткөрүүгө уруксат сурап жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылды. Урушка каршы тургандардын өтүнүчүнө азырынча жооп бериле элек. Улуттук, диний, рухий баалуулуктарды барктаган комдук уюмдун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев тынчтыкты каалаган ар бир инсан Ирак проблемасы боюнча өз пикирин билдириши керек деп эсептейт:

- Америка Кошмо Штаттары Иракка кол салса – анысы, кыргызча айтканда, аябай осол иш болор эле. Ирактагы согуштун кесепети бүт дүйнөгө тийиши мүмкүн. Жанармайдын баасы көтөрүлүп, туруктуулук бузулуп, эл аралык мамилелер чыңалууга туш келиши ыктымал. Ошондой эле бул уруш мусулмандар менен христиандардын айрым тирешүүсүнө алып келиши мүмкүн. Анткен менен, эки дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн христиандардын арасында урушту болтурбаш аракети арбын болуп атканы жакшы көрүнүш.

АКШ менен Ирактын мамилеси, өкүмзор бийликти кетирүүнүн амалын издеген Батыш өлкөлөрүнүн сунуштары тууралуу материалдарды байма-бай жарыялап келаткан “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеевдин пикири боюнча, Багдадга багытталып аткан сес ириде экономикалык кызыкчылыктардын айынан чыгууда.

- Мындай саясий оюндун жыйынтыгы дайым эле оюнчулар каалагандай чыга бербейт. Анын кесепети америкалыктар ойлогондон, пландагандан башкача, теңирден тескери айланып кетиши деле ыктымал. Урушта Ирак канчага туруштук бере алат, башка өлкөлөр согушту болтурбай кое алабы – бул да белгисиз. Тарыхка кайрылсак, немистердин чоң согушу, фашизм Европанын кутун качырып, дүйнөлүк мамлекеттердин агымын Америкага алып берген. Ушул кайра кайталанып, дүйнөлүк мамлекеттер агымы Европага кайрылып келиши күтүлүүдө.

Кыргызстандын жетекчилиги Ирак маселесин тынчтык жол менен чечүү зарылдыгын айтып, бул жагынан стратегиялык өнөктөшү Орусиянын жана Франция менен Германиянын позициясын колдой турганын билдирген. Жаңы кылым башында дүйнө элин чоң түйшүккө салып аткан проблема кандай өңүттө чечилээри жакын арада ачыкка чыгышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG