Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

ЕВРОПАДАГЫ КҮРДҮ ДИАСПОРАСЫ КҮЧ АЛЫП БАРАТАТ


Мындан 20 жылча мурда Европада күрдүлөрдү анчейин билишкен эмес. Бирок Туркиядан жана Жакынкы Чыгыштан келген күрдү качкындарынын саны өскөн сайын алардын Европа өлкөлөрүндөгү жамааттары кеңири таанымал боло баштады. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Брефни Орурктун баяндамасы менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдө өз мекениндеги репрессиялардан качып келген канча күрдү бар экени белгисиз, анткени алар паспортуна жараша Ирактын же Түркиянын жараны деп катталышат.
Күрдүлөр Иранда, Сирияда жана Kавказ жумурияттарында да бар, бирок Европадагы качкындардын көбү - Түркия менен Ирактан келишкендер.

Kүрдүлөрдүн Европадагы жамааттары 1960-жылдардан тартып күч ала баштады. Швецияда алардын "ТВ Курдан" деген өз тилинде чыгуучу сыналгы каналы бар. Лондондогу күрдүлөрдүн маданий борборунда көргөзмөлөр өтүп, күрдү ырларынын концерттери өтүп турат.

Күрдүлөрдүн Түркияга жана Иракка каршы сансыз демонстрациялары тууралуу европалык маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылат. Соран Хамараш - Лондондогу Күрдү маданий борборунун өкүлү.

”Күрдүлөр дагы деле өз каада-салттарын катуу карманышат, ошол эле мезгилде убакыт өткөн сайын жаңы мекенинде окуп, коомдук турмушка аралашып жүрүшөт. Британияда, жалпы эле Европада абдан жогорку кызматтарга жеткен күрдүлөр бар”, - дейт Хамараш.

Ал күрдүлөр ошондой эле исламдык экстремизмден оолак мусулмандар экендигин белгиледи.

Бирок алардын арманы да аз эмес. Саны 10 миллиондон ашса да күрдүлөр тарыхый мекендеринде өз алдынчалыкка жете албай, репрессиялардан запкы тартып келишет. Бир катары Европалык адам укуктары сотуна 150 дөн ашык арыз менен кайрылышкан, алардын 44ү кайтарылып берилген, бирок 40 арыз боюнча "Түркиянын өкмөтү күрдүлөрдүн адам укуктарын басмырлаган" деген бүтүм чыгарган. Рашель Харрис - Лондондо жайгашкан Күрдүлөрдүн адам укуктары долбоорунун маалымат катчысы.

"Европалык Адам укуктары сотунун маанисин ушундан билсек болот – Европа Союзуна кириш үчүн Туркия адам укуктары боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү. Ошондуктан сотко жолдонгон арыздар укук бузуулар али токтой электигин айгинелейт",- дейт Харрис.

Күрдүлөрдүн бир катары Ирактын түндүгүндө өз алдынча Курдистан мамлекетин курууну эңсешет. Бирок Брюсселде маалымат каражаттарынын бирин башкарган Доган Өзгүдөн "күрдүлөрдүн көбү бул ишке ашпай турган кыял экенин түшүнүшөт" деп ырастады.

"Реалдуу саясат деген бар эмеспи. Алар Курдистан мамлекетин жарыялашса, муну ири өлкөлөр жана Түркия, Иран сыяктуу коңшулар кандай кабыл алаарын билишет. Анын ордуна күрдүлөр бүгүн административдик, маданий автономия жана адам укуктары үчүн күрөшүп жатышат",- деди Өзгүдөн.

Бүгүнкү кырдаалдан алганда, бул күрөш дагы бир далайга созулаарын болжолдоого болот. Ал эми Европадагы күрдү диаспорасы анын аралыгында өз салттарын жана маданиятын сактап калуу вазийпасын аркалай бермекчи.
XS
SM
MD
LG