Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

СЫБЫЗГЫ 21: БАТЫШТА БОРБОР АЗИЯГА БОЛГОН КЫЗЫГУУНУН ӨСҮҮДӨ


Бүгүн Борбор Азия тилдерине жана маданиятына Батыштагы кызыгуунун күч алышы тууралуу сөз болмокчу.

Алды менен эл аралык маданият кабарлары.

--

Рембрандттын жаңы табылган автопортрети июль айында Лондондо сатыкка коюлат. Ал жүздөгөн жылдардан сүрөт алдында калып байкалбай келген. Голландиялык атактуу сүрөтчүнүн эмгеги 8 млн доллардан ашыкка сатылат деп күтүлүүдө. Барчылыкта жашап, өмүрүнүн аягында чачтан көп карызга батып, андан кутулуу үчүн үйүн жана сүрөт колленциясын сатууга мажбур болгон Рембрандт өзүнүн 40тан ашык портретин тартканы белгилүү. Жаңы табылган автопортретти ал 1634-жылы 28 жашында Амстердамда жаңы алган аялы Саския менен жашап турганда тарткан. Болжолу ал сүрөт өтпөй калган да, Рембрандт анын үстүнөн орус ак сөөгүнүн сүрөтүн салган. 300 жылдан ашык Европада колдон колго өтүп келген сүрөттүн алдында Рембрадттын өзүнүн сүрөтү бар экенин 1960-жылдары азыркы кожоюндун атасы байкап калган, бирок 99-жылы гана адистер боектун биринчи катмарын сыйрып алып, автопортреттин жаңы тартылган калыбында сакталганына күбө болушту.

--

Поэзияны саясаттан ажыратуу мүмкүн эмес! дейт акын Сэм Хаммил.

Американын Биринчи айымы Лаура Буш атактуу акын Сэм Хамиллди АКШнын поэзия симпозиумуна чакырган эле. Бирок президент Буштун Иракка 48 сааттын ичинде 800 бомба таштоо планы тууралуу окугандан кийин акын согушка каршы ыр жазып, досторуна жиберди. Анын артынан лауреат акындар, Пульцердин сыйлыгын алган акындар, дагы башкалар Ирак согушуна каршы ыр жаза башташты. 12-февралда Сэм Хамилл жана башкалар 1 миң ырдын топтомун Ак Үйгө алып келишти, бирок аларды эч ким кабыл албай койду. Хамилл чакырылган симпозиум ушул шаршембиде болмок, бирок Биринчи айым андан да баш тартты. Сэм Хамилл - Зен Буддизмдин жолдоочусу, жапан жана кытай ырларынын котормочусу,15 жыл Вашингтондун жана Калифорниянын түрмөлөрүндө айыпкерлерге ыр жазуудан сабак берген.

--

Кара континеттин эң башкы кино фестивалында, өткөн ишемби күнү мавританиялык режиссер Абдеррахмане Сисако башкы байгени жеңип алды. Анын "Бактымды күтүп" деген тасмасы Буркино Фасо өлкөсүндө "Йенненга аргымагы" менен катар 11300 доллар акчалай сыйлыкка татыды. Маскөөдө билим алып, буга чейин бир катар фильмдери менен таанылган Сисаконун тасмасы сүргүндөгү жашоо, туулуп-өскөн жеринен алыста өз ордун издөө темасын чагылдырат. 18- "Феспасо" фестивалында дагы 14 тасма көрсөтүлдү. Жалпы африкалык бул кароо 1969-жылдан бери батыш африкалык Буркино Фасодо ар эки жылда өтүп турат. Киносынчылар быйылкы фестивалга Буркино Фасо менен согуш абалында турган коңшулаш Кот Дивардан кинорежиссерлор чакырылбай калгандыгын белгилешти.

--

Айрым президенттердин кыздары, мисалы Дарига Назарбаева ырчы экенин билебиз, бирок президент өзү сахнага чыгып, элдин көңүлүн ачканын уктуңуз беле?

Индонезияда Мегавати ушул шейшембиде Жаккартадагы Мамлекеттик сарайда ашыктык ырын ырдады. Бул - президент айымдын эл алдына экинчи жолу ырдап чыгышы. Мегаватини буга Улуттук Музыка күнүнө келген акындар жана ырчылар көндүрүшүптүр. "Президент болгондон кийин сыпаа жүрүшүм керек, бирок мен ырдайын деп чечтим",- деди президент. Жергиликтүү ырчылар менен кошулуп, ал "Жүзүңдөн айды көрөм" деген ырды созолонткондо, көрөрмандар дуулдата кол чабышты.

--

Анда уктуруубуздун негизги темасына келсек. Соңку жылдары Батышта Борбор Азия аймагына, анын тарыхына жана маданиятына кызыгуу айрыкча күч алды. Бул тууралуу Берлиндеги Гумбольд университетинин профессору Ингеборг Балдауф мага телефондон буларды айтты:

"Биз өзгөчө 11-сентябрь окуяларынан, Ооганстанды бомбалоодон жана Талибан режими кулатылгандан кийин Борбор Азияга кызыгуунун болуп көрбөгөндөй өскөнүнө күбө болдук. Биздин (университеттин Борбор Азия бөлүмүндөгү) студенттерибиздин саны үч эсе көбөйдү. Бул абдан күтүлбөгөн көрсөткүч. Алардын баары эле биздин тармакта магистр, мастер даражасын алып, же кандидаттыгын жактай албашы мүмкүн. Бирок кызыгуунун өсүшү биз үчүн абдан жагымдуу көрүнүш".

Профессор Ингеборг Балдауф Ооганстандын түндүгүндөгү түркий элдерди, анын ичинде өзбектерди изилдейт, мен кийинки суроомо өзбек тилинде жооп берүүнү өтүнүп, Гумбольд университетинде азыр окутулуп жаткан өзбек, тажик тилдеринен башка тилдерди, анын ичинде кыргыз тилин киргизүү пландары бар бекен? деп сурадым.

"Азыркы тапта биздин институтта өзбек тилин да, башка түрки тилдерди да үйрөтүп жатабыз. Тилекке каршы, өзбек тилинен башкасын терең окутууга мүмкүндүк жок. Кээде кыргыз, казак, түркмөн, уйгур тилдеринен да сабак беребиз. Бирок аларды өзбек тилиндей кеңири окута албайбыз",- деди Гумбольд университетинин профессору Балдауф.

--

Берлиндеги бул окуу жай түрк таануу боюнча европалык эң ири борборлордун бири болгон. 1920-жылдары мында Вилли Баң, Анна-Мари Габа өңдөнгөн белгилүү түркологдор иштеген. Берлин дубалы кулап, Чыгыш Германия Батыш Германия менен кошулгандан кийин туркология бөлүмү жабылып калган. Бирок көп өтпөй анын ордуна Борбор Азия таануу бөлүмү ачылган жана азыр түрки, парсы, тибет, молгол элдеринин тилдери жана маданияты окутулат.

Кошмо Штаттарында да бул жаатта бир топ өзгөрүү бар. Бул өлкөдөгү белгилүү тюркология борбору болгон Индиана университетинде кыргыз, казак, өзбек тилдери жыл бою окутулат. Ал эми быйыл студенттерге Борбор Азияга барып билим алууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Алматыда жана Самарканда жаңы ачылган Борбор Азиялык Жайкы институттарда казак жана өзбек тилдери боюнча курстар иштемекчи. Индиана университетинин студенттери бул эки айлык курстарда 1250-1500 доллардан төлөп окушат. Түрки тилдерди үйрөтүү Сиетлдеги Вашингтон университетинде жакшы жолго коюлган, Лос-Анжелес, Калифорния университетеринде да ушул тилдер боюнча сабактар көбөйтүлүп жатат.

АКШда түрки тилдер мурда аз жана негизинен теориялык деңгээлде окутулуп келген. Түрктаануучу Чарльз Карлсондун сөзү боюнча, азыр кырдаал өзгөргөн.

"Кийинки кезде мисалы өзбек тилин бир же эки эмес, үч-төрт жыл толук программада окуу мүмкүн болуп калды. Ошондой эле студенттерге атайын стипендиялар көбөйүүдө, бул тенденция жакынкы мезгилде улана берет деп ойлойм", - дейт америкалык түрколог.

Америкалык университеттерде ошондой эле башка тармактар боюнча жаңы курстар, семинарлар киргизилип, илимий борборлордо конференциялар байма-бай болуп турат.

Калифорния университетинин Беркелей колледжинде 14-мартта "Борбор Азия коому жана айлана-чөйрө" деген конференция уюштурулууда. Ал эми Кыргызстандагы Аксы трагедиясына арналган жыйындар 17-мартта Нью-Йоркто, 18-мартта Вашингтондо өтөт. "Кыргызстан Аксыдан бир жылдан кийин: Кризиске жана мындан аркы иш-аракеттерге баа берүү" деп аталган конференцияны Соростун Ачык коому уюштурууда. Анда билдирүү жасай тургандардын арасында Андрей Сахаровду жана Елена Боннерди коргогон белгилүү адвокат Скотт Хортон бар.

Эгер Индиана университети түрки элдердин тарыхына басым жасаса, Гарварддын Борбор Азия бөлүмүндө алардын бүгүнкү күндөгү өнүгүшүнө көбүрөөк көңүл бурулат жана ар кандай иш-чаралар үзбөй өтүп турат. Үстүбүздөгү айдын башында Орусияны жана Евразияны таануу боюнча Давис борборунун окутуучусу Эрик Сивер "Пост-советтик Борбор Азиядагы регресс" деген темада лекция окуду.

Ошондой эле Кыргызстан тууралуу "Жаңы эмне бар?" деген кыска метраждуу фильм жыл башынан бери эки ирет көрсөтүлдү. Кыргыз, өзбек, орус тилиндеги субтитрлери бар тасманы Ички Азия жана Алтай Институтунун изилдөөчүсү Жорж Фицберт тарткан.

Өткөн декабрда Гарварддын Музыка бөлүмүндө этнограф Норико Тода "Постсоветтик Казакстанда элдик аспаптык оркестрди изилдөө" деген темада билдирүү жасады. Ал эми январда казак дастанчысы, домбрачы Улжан Байбосунова консерт койду. Байбосунова ушул эле айда Бостондогу Америкалык Репертуар театрында "Геркулестин балдары" деген спектаклда ырдап чыкты.
XS
SM
MD
LG