Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

СЕРБИЯНЫН “ЖАҢЫ ҮМҮТҮ” ӨЧТҮ


Сербия бу күндөрү аза күтүп, чукул абал шартында жашап жатат. Армия, полиция органдары күчөтүлгөн режимде иштеп, премьер-министр Зоран Жинжичти атып кеткен кылмышкерлердин изине чыкканы жана аларды издеп тапканы бүткүл өлкө боюнча атайын операцияларды өткөрүп жатышат. Серб өкмөтү шаршемби күнкү кыянатчылыкты Белграддагы кылмыштуу топтордон жана айрым кландардан көрүп жатат. Бирок азырынча бул иштин артында кимдер турганы жана анын чыныгы себеп-жүйөөсү аныктала элек.

“Эски Югославия тирилип, Жинжичти өлтүрдү!” - Белграддагы кыянатты кабарлап, испаниялык “Мундо” гезити бейшемби күнү ушундай тема менен чыкты. Сербиянын вице-премьери Небоша Ковичтин маалыматтарына ылайык, Зоран Жинжичке шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12ден 25 мүнөт өткөндө өкмөт үйүнүн бет маңдайында ок жаңылган, жарааты оор болгондуктан арадан бир саат өткөндө ооруканада көз жумган. “Бул кылмыштуу ишти Сербиянын өнүгүшүн жана демократияланышын жылоолоп, тарыхтын аңытын өзгөрткөнгө, өлкөнү кайрадан криминалдын империясына айлантканга умтулуп келгендер жасады”, - деп айтты Кович. Шаршемби күнкү шашылыш жыйындан соң эле серб өкмөтү премьердин өлүмү үчүн жоопкерчиликти Белграддагы кылмыштуу топко, анын анабашчысы Милорад Луковичке жүктөдү. Лукович президент Слободан Милошевичтин эң жакын жана айныгыс саясий ашынасы болгон, Милошевичтин тушунда ал серб полициясынын тандалма отрядына командачылык кылган, андан илгери 90-жылдардын башталышында Балкандагы уруштарга катышкан. Бул жагынан алганда Луковичтин учурунда “улуу Сербия” урааны астында бүткүл регионду кандуу калайманга салып, кийин согуш кылмышкери деп айыпталып, бирок азырга чейин кармалбай жүргөн босниялык сербдердин мурдагы командармы генерал Радко Младич жана башка кыңыр-кыйшындуу ишмерлер менен тыгыз алакасы болушу мүмкүн. Зоран Жинжич болсо 2000-жылдары Милошевичтин режимине каршы башталган коомдук козголоңдун башында турган. 2001-жылы январда серб өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандан кийин Милошевичти, ага кошо бардык согуш кылмышкерлерин Гаагадагы трибуналга кармап берүүнү активдүү жактап келген. Акырында Сербия менен Черногориянын жаңы союзуна, башкача айтканда, мурдагы Югославия федерациясынын таркатылышына тикелей демилгечи болгон. Мунун баары улутчул күчтөрдүн кычыгына тийип, алардын кыжырын келтирген. Деген менен Сербияда Милошевичтин заманы азыркы реформаторлордун - Коштуницанын,Жинжичтин жана Жукановичтин маалынан жакшы болгон деп айткандар акыркы кездери өтө эле сейрек учурайт. Белграддыктардын көбү өлкөдө жарыяланган чукул кырдаалга карабастан Жинжич каза болгон жерде түнү бою аза күтүп өткөрүштү. Жаңы эле элүүгө толгон Жинжичти көпчүлүк калк Сербияны өзгөрткөн оппозиционер, өлкөнүн өчүп бараткан үмүтүн кайра жандырган саясатчы катары эскерип жатышат.

Белграддагы окуяны дүйнөлүк өлкөлөр да кескин айыптады. Вашингтондо Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер премьер-министр Жинжич Сербияга демократия алып келген, экс-президент Милошевичти жоопкерчиликке тартууда активдүү роль ойногон саясатчы катары эсте каларын белгилеп, президент Буштун атынан серб элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер бул окуяга кабыргасы катуу кайышканын жашырбады. ”Зоран Жинжичти абдан жакшы билчү элем, бул кайгыны биз анын үй-бүлөсү, жакын достору менен тең бөлүшөбүз. Жинжич демократия жана мыйзамдын бийлиги үчүн бекем турган күрөшкерлердин бири эле, жаңырган Сербиянын жарык символу эле”, деп айтты Фишер.
XS
SM
MD
LG