Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Оппозициялык кыймылдын Жалалабаддагы бөлүмү АКШнын Кыргызстандагы элчисине кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» коомдук кыймылынын Жалалабад облустук комитети АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Кифке атайын билдирүү менен кайрылды. Билдирүүдө өлкөдө адам укугу сакталбагандыгы белгиленип, «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген ураан эл аралык коомчулуктун көзүн боегондук катары бааланган. Комитеттин 2002-жылдан ушул күнгө дейре митинг өткөрүү боюнча бир канча өтүнүчтөрүнө Жалалабад шаар бийлиги уруксат бербегендиги белгиленген. 4-сентябрда болгон тынч митингге жүздөгөн милиционерлер жиберилип, 5 киши мыйзамсыз жаза тартканы, казыналык кызматчылардын митинги тоскоолдуксуз өтөөрү айтылган. Кайрылуу ээлери абалды өз көзү менен көрүп, ишениши үчүн АКШнын элчиси Жон О'Кифти Аксы районунда 17-мартта боло турган аза күтүү митингине чакырышты.

XS
SM
MD
LG