Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Орто жана чакан ишкерлер финансылык колдоого муктаж


БИШКЕК. Кыргызстандагы Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасы Долбоорлорду башкаруу агенттигинин колдоосу астында ишкерлердин пикирлерин алгачкы жолу иликтеп чыгып, анын жыйынтыгын 13-мартта жарыялады. Бул иликтөө 2002-жылдын июль-август айларында жүргүзүлүп, ага 3022 ишкер тартылган. Алардын 37% соода, 32% айыл чарба, 10% өндүрүш тармагында иш жүргүзүшөт.
Социологдордун: «Келерки эки жылдан эмне күтүп жатасыз?» - деген суроосуна ишкерлердин 48% ишкердиги дагы өркүндөөрүн, 18% өзгөрүүсүз каларын, ал эми 29% келерки ишине ишенбестигин белгилешкен. Ошондой эле жооп бергендердин 56% бир эле учурда салыктарды төлөөгө жана ишкердикти өнүктүрүүгө чамасы келбесин билдирген. 3022 ишкердин 72% финансылык колдоонун, анын ичинде кредит алуунун татаалдыгына басым коюшкан.
Иликтөөгө катышкандардын 45% өлкөдө орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө карата өз сунуштарын айтышкан. Алардын 32% финансылык колдоого шарт түзүүнү, 26% салык системасын реформалоону, 12% - бюрократиялык бөгөттөрдөн арылууну сунушташкан.

XS
SM
MD
LG