Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Кыргызстанга Орусиянын аскердик делегациясы келет


БИШКЕК. Эртең Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайлов жетектеген аскердик делегациясы иш сапары менен Кыргызстанга келет. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мирбек Маликовдун маалыматына караганда, Владимир Михайлов Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушуп, «Кант» аба майданына орусиялык аскердик базаны жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ал арада эки тараптын аскердик өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ Орусиянын аскердик базасын Кыргызстандын аймагына жайгаштыруунун укуктук негиздери жана шарттары тууралуу документтин долбоорун даярдайт. Андан соң бул маселе Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн аскердик эксперттеринин жакынкы күндөрү Москва шаарында өтө турган жолугушуусунда талкууга алынат. Документтин соңку долбоору келишимге кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын апрель айында боло турган жолугушуусуна сунушталат.
Орусиянын аскердик учактары Кыргызстандын «Кант» аба майданына Коллективдүү Коопсуздук Келишиминин алкагында 2003-жылдын январь айынын биринчи жарымында учуп келген. Коллективдүү Коопсуздук Келишимине Армения, Орусия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG