Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстандыктар Орусияда сот жообуна тартылышты


БИШКЕК. Орусиянын Алтай Крайындагы Рубцовск шаардык сотунун өкүмүнө ылайык кыргызстандык үч жаран чоң өлчөмдө баңгизат ташып өткөн деп айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылды. Өткөн жылдын апрель айында бишкектик Талимкан Матаева 6,5 килограмм гашиш, 575 грамм героин топтоп, аны Орусиянын аймагына өткөрүш үчүн Бишкек-Новокузнецк багыты боюнча поезд кызматкерлери Нурия Аширалиева жана Акылбек Абышкаев менен макулдашып алып чыккан. Рубцовскиден чек арачылар баңгизатты вагондун шыбынан табышкан. Бул тууралуу бүгүн орусиялык «Новости» агенттигине шилтеме берип, «АКИ-пресс» агенттиги жазып чыкты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын кызматкери бул маалыматты такташ үчүн убакыт талап кылынаарын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG