Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Кыргызстандагы Жарандык лидерлер форуму талкуу уюштурду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Демократия. Коопсуздук. Чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү. Кызматташтык жолдору» аттуу талкуу болду. Ага Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, «Келечек долбоору» аттуу саясий иликтөөлөр фондунун башчысы Ишенбай Абдуразаков, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф менен ЕККУнун өкөлү Айдын Идил баш болгон саясатчылар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Талкуунун жүрүшүндө адам укуктарына, басма сөз эркиндигине, баңгисоодага байланышкан маселелер талкууланды. Мисалы, Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандагы кырдаалды курчутпаш үчүн басма сөздүн, митингдердин, пикеттердин жана жөө жүрүштөрдүн эркиндигин камсыз кылуу, качкындардын балдарына жарандык берүү, өлүм жазасын биротоло алып салуу зарыл экендигин белгиледи. Талкууну Төлөкан Исмаилова жетектеген Жарандык лидерлер форуму уюштурду.

XS
SM
MD
LG