Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

КООПСУЗДУК ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ КАНТКЕНДЕ КАМСЫЗ БОЛОТ?


13-мартта Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Демократия. Коопсуздук. Чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүү. Кызматташуунун жолдору» деген темада талкуу-жыйын болду. Ага өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, ЕККУнун өкүлү жана АКШнын элчиси катышты.

Бул талкууну Кыргызстандагы Жарандык лидерлер форумунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова уюштуруп, ага өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, «Келечек долбоору» фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О’Киф, ЕККУнун өкүлү Айдын Идил, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Талкууга алынган негизги маселелер - Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу, чыр-чатактардын алдын алуу жана демократияны өнүктүрүү болду. Адегенде Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов талкуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

- Мен негизинен өлкөнүн тышкы коопсуздугуна жооп берем. Ички коопсуздукка башка органдар жооп берет.Тышкы коопсуздугубуз акыркы кезде бекемделди, - деди Кыргызстандын коопсуздугунун абалын тууралуу суроого жооп иретинде Мисир Ашыркулов. - Бул үчүн АКШ, Кытай, Орусия, Түркия жардам берүүдө. Азыркы учурда бизге баңги заттарын ташуу коркунуч келтирип жатат. Андыктан бул маселени жакында Коопсуздук кеңеш катчыларынын Москвада өтүүчү жыйынында талкуулайбыз.

Андан кийин сөз сүйлөгөн АКШнын элчиси Жон О Киф буларга токтолду:

- Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн, жарандарда «билим, саламаттык сактоо жана коопсуздук жагын өкмөт камсыз кылат» деген ишеним болушу керек. Учурда бул милдеттерди аткарыш кыргыз өкмөтү үчүн оордук келтирүүдө. Америка өкмөтү өз жардамын көрсөтүп жатат. Ал эми Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына Акыйкатчы көмөк кошот деген ойдомун. Менин оюмча, адам укуктарына байланыштуу Конституция менен мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктардын тезирээк жоюлганы туура.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «сөз эркиндигин кысмакка алуу чыр-чатакка алып келет» деп, кошуналардын тажрыйбасын мисалга келтирди:

- Дал ушул сөз эркиндигин кысымга алуу, митинг, жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу кошуна мамлекеттерде куралдуу оппозициянын пайда болушуна алып келди. Биз сөз эркиндигин кысымга алууга жол бербешибиз керек. Мен Акыйкатчы катары басма сөз эркиндигинин сакталышына өзгөчө көңүл бурам жана бул маселелер боюнча атайын иликтөөлөрдү жүргүзөм. Андан тышкары, биздин өлкөдөгү качкындардын балдарына жарандык берүү жана өлүм жазасы боюнча маселелердин чечилбей келатышы да коомдогу чыр-чатактарга себеп болууда.

Ал эми «Келечек долбоору» фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков коомдо чыр-чатактардын болуп турушун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалап, маселе аны кандай жол менен чечиште экендигин айтты:

- Биз үчүн эң башкысы - өз пикирин кандай учурда болбосун жалтанбай айта алган жарандык коом түзүү. Ошондо гана демократия орнойт.

Талкуунун айрым катышуучулары теоретикалык кооз сөздөр реалдуу турмушка таасирин тийгизе албай жатканын билдиришти. Атап айтканда, «Моя столица» гезитинин өкүлү басылманын үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяндарын, көп суммадагы айып пул салуу фактыларын мисал келтирсе, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекова бийлик башындагы азчылык менен коомчулуктун ортосунда чечилгис карама-каршылык орногонун, аны шайлоо жолу менен да чечүү болбой жатканын белгиледи:

- Бийлик шайлоонун да, референдумдун да жыйынтыгын каалагандай бурмалап жатат. Бул айлампадан чыгууга мүмкүн болбой калды.

Жыйынтыктоочу пикирин айткан Төлөкан Исмаилова ар кандай чыр-чатактарды сүйлөшүү, талкуулоо жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG