Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

ПРЕЗИДЕНТТИН АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ ЖАРДЫГЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда апрель-июнь айларында аскерге чакыруу башталат. Эл ичинде болсо акыркы жылдары аскерде кызмат өтөөнүн кадыры түшүп кетти.

Президент Акаев 5-мартта «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн мөөнөтү аяктагандарын бошотуу жана апрель-июнь айларында аскерге чакыруу» туурасында жардыкка кол койду. Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук аскер комиссариатынын башчысы Жолон Чынтемировдун билдиргенине караганда, аскерге чакырылчу балдарды саламаттык сакчыларынын кароосунан өткөрүү 1-апрелде башталмакчы. Аскерге чакыруу башталаарына саналуу күндөр калды. Бирок Мекенге кызмат кылуу туурасында калк арасындагы мамиле анча эмес.

18 жаштагы Кубаныч «аскерге быйыл чакырылам го» деп ичинен кыпылдап жүрөт. Анын айтымында, ата- энеси да, өзү да аскерге барышын анчейин каалабай турат. Ал мындай деди:

- Мен аскерге кетсем ата- энемди ким карайт? Апам деле менин армияга барышымды каалабайт. Ар кандай документ топтоп калтырам деп атат. Мен негизи баргым келчү. Бирок, барбайм го.

Бишкекке мейманчылап келген апасы жанында экен.

- Ар кимге эле баласынын өмүрү кымбат да. Армияда болуп аткан ар кандай окуяларды угуп баламды аскерге жибергим келбей турат, -деди Жамила Рахманова.

Ал эми 19 жаштагы Элдияр былтыр аскерге чакырылып, бирок тууган-туушкандардын кийлигишүүсү менен барган жок. Ал аскерден атайын эле калып алганын айтат:

- Таякемдин досу аскер комитетинин башчысы. Ошонун жардамы аркылуу аскерден калдым.

Элдиярдын айтымында, анын аскерге баргысы келбегенинин үч себеби бар. Биринчиси - балдардын аскерден токмок жеп каза болуп же майып болуп келип атышы:

- Биздин айылда бир бала токмок жеп каза болуп калды. Күнөөлүүлөр жазаланган да жок. Ошондон кийин биздин айылдыктар балдарын аскерге жибергилери келбей калган.

Экинчи себеп катары ал «дедовщина»-«аксакалчылык» деп аталган аскер арасындагы өз ара ички мамиленин эч жерде жазылбаган эрежесин айтат. Ал эми акыркы себеби - аскерлердин курсагынын тойбогону.

Ал эми Казыбек болсо жогорку окуу жайдан аскер кафедрасын өткөн. Анын пикиринде аскердик кызматта 1,5-2 жыл убактыңды короткуча аскер кафедрасында билим алып алганын оң. Ал «аскерде жүрүп келген балдардын кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу оңолбой эле тетирисинче жаман сапаттарга ээ болуп кайтышат» деген ойдо. Казыбек мындай дейт:

- Аскерден келген балдарды карап турсаң орой, зөөкүр чалыш, анан орусча айтканда «нахал» болуп келип атышат.

Ооганстанда кызмат өтөгөндөрдүн саясий партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков Кыргызстанда аскерлерге түзүлгөн шартка караганда Батыш өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө жагдай оңураак деген оюн айтат:

- Аскерлердин тамагын оңдош керек. Сасыган өтүк кийип, самтыраган эски төшөктө жатса, кезээрип ачка жүрсө кантип анан армиянын кадыры өссүн?! Биздин аскерлерге караганда Батыш өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндөгү шарт бир кыйла өйдөрөөк.

Былтыр өкмөттүн токтомуна ылайык аскерлердин бир күндүк тамагына которулуп аткан акча 18 сомго көбөйтүлүп, «аскерлердин тамагынын аш болумдуулугу 4000 калориядан кем болбосун» делген болчу. Бир аскердин бир күндүк тамагына учурда мамлекеттик казынадан 34 сом бөлүнүүдө.

Эл өкүлдөр жыйынынын коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин пикиринде азыр «Атамекенди коргоо - ыйык милдет» деген атуулдук сезим жок. Коомчулукта калыптанып калган мындай көрүнүш мамлекеттин келечеги үчүн абдан коркунучтуу.

- Менин уулум деле аскерге барганга кызыккан жок. Муну жашыра албайм, баргысы келбейт. Мен ата катары «эгер окууга өтө албай калсаң аскерге барасың» деп атам. Окууга өтпөй калса арга жок жөнөтөм, - дейт Исхак Масалиев.

Мамлекеттик бийлик бутактарында иштегендердин жана колунда бар адамдардын балдары аскерге барбаганы Кыргызстанда акыркы жылдары айрыкча байкалууда. Масалиев мырза мамлекеттик чиновниктер жана депутаттар арасында баласын колундагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аскердик кызматтан алып калган учурлар көп кездешээрин белгиледи:

- Бизде мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Ошондуктан аскерден калтырып атабыз да. Чынында Конституцияга каршы иш кылып атабыз. Министрге телефон чалабыз же медиктерден жасалма справка алабыз. Теңдик болбой, айылда колунда жоктордун балдары гана аскерге барып калып атат.

XS
SM
MD
LG