Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

ТЕҢИРЧИЛИККЕ ҮНДӨӨ КООМГО ЖОЛТООБУ?


Эми диний турмушка арналган салттык апталык берүүбүзгө назар салыңыздар. Бүгүн Ички жана Борбор Азияны мекендеген калктардын диний ишениминин тарыхына кайрылабыз. Кесиптешим Тынчтыкбек Чоротегин Теңиртоодогу дин тарыхы тууралуу аздыр-көптүр макала жазып келди. Азыр ал студиябызда биз менен бирге отурат. Оболу сизден теңирчиликти жандантуу маселеси жөнүндө сурайлы.

- Деги, Кыргызстанда орун алып жаткан ушул динди калыбына келтирүү аракетинен майнап чыгабы? Кандай деп ойлойсуз?

- Динди, диний агымды пайда кылуу, же аны кайра жандантуу, мындайча айтканда, “пайгамбардын” иши. Теңирчилик жаатында деле, башка динде деле азыр да, мындан кийин деле өзүн пайгамбар жарыялаган кишилер чыга бериши мүмкүн. Бул аракет – алардын инсандык укугу. Түркмөнбашы деле жарым мусулман, жарым кудайсыз болуп туруп, “Рухнаамасын” элине Курандан кийинки китеп ирээтинде таңуулап жатпайбы.

Кыргызстанга келсек, теңирчиликти калыбына келтирели деген чакырыктар бар, бирок эч ким өзүн бул дин үчүн пайгамбар деп жарыялай элек. Анын үстүнө, теңирчилик өзү көп кудайлуулукту таптакыр четке какпаган система эмеспи. Ал өзүнө бир эле учурда анимисттик, тотемисттик түшүнүктөрдү да сыйдырат. Демек, бир гана кудайга ишенүүнү талап кылган монотеисттик диний түшүнүктөрдүн чен-өлчөмү менен теңирчиликке кароонун өзү да талаш-тартыштуу нерсе.

- Демек, теңирчиликке диний-философиялык түшүнүктөрдүн системасы катары гана карап, аны таза дин катары калыптандыруу – куру кыял деш керекпи?

- Чоюн Өмүралиев, Кеңеш Жусупов, Дастан Сарыгулов сыяктуу кыргыз журналист, публицист, саясатчы жана жазуучулары теңирчиликти диний-философиялык тереңдик катары кайра үйрөнүүгө чакырып келишет. Ал эми булардан айырмаланып, теңирчиликти дин катары кайра калыбына келтирели дегендерге келсек, алар муну чыныгы динге айлантуунун эч механизмин деле сунуштаган жок. Мусулмандарда, иудей, тарса, бутпарастарда атайын диниятчылар катмары бар, алардын ыйык деген эзелтеден келген окуусу, ыйык китептери бар. Ал эми теңирчиликти дин катары кайра калыбына келтирүүнү жактагандарда эмне бар? Аларда эзелтеден же жаңыдан жазылган жобо деле жок.

Ошондой болсо да, алардын аракетинин майнапсыз чыгаар-чыкпасын пайгамбар менен атеист гана айта алат.

- Коомдогу жаңы динге умтулуулардын кандай зыяны же пайдасы бар деп ойлойсуз?

- Мен былтыр АКШдан атажуртуна кайтып келе жаткан бир кыргыз карындашка жолуктум. Нарындан экен. Христиан дининин кайсы бир агымына өткөн экен. Татаал суроолорду берип, баш терисин байкап көрсөм, сезимтал, ойчул, түшүнүгү ар тараптуу жан экен. Православие чиркөөсүндө орусча сыйынышат, молдолор арабча окуйт, биз кыргыз эле тилинде кудайга сыйынабыз дейт. Терминдерди пайдаланганын уксаңыз, Иисус дебей, Ыйса деп, Моисей дебей, мусулман кыргызчасынан Муса деп айтып жатты. Аларды, - жаңы динге талпынгандарды, - коомдон итериш оңой, түшүнүүгө аракеттенүү кыйын. Бизде болсо көбүнчө оңоюна качырышат эмеспи. Рим папасы келсе, саясат үчүн ага төрдөн орун берип, арабыздан жөнөкөй тарса чыкса, эмне үчүн аны куугунтуктоо керек?

Теңирчиликтен өзүнө дин издегендер да буга чейинки салттык дининен өзүнө тийешелүү жооп ала албаган кишилер эмеспи. Менимче, коом ачык болуп, кишилер өз диний ишеним эркиндигине ээ болушунун демейдеги эле көрүнүшкө айланганы дурус.

Азыркы кубаттуу монотеистик, башкача айтканда, бир кудайга ишенүүнү талап кылган диндердин алкагынан чыгып, дүйнөгө башкача көз караш менен кароо аракети – теңирчиликти жактагандардан да сезилет. Бул изденүү – коом үчүн пайдалуу деп ойлойм.

- Теңирчилик Борбор Азиядагы исламга өз таасирин тийгизген деп эсептөөгө болобу? Бул агым менен жанаша жашоого мусулмандар макулбу?

- Менимче, жалаң гана теңирчилик эмес, Борбор Азиядагы башка диндер да исламдын жергиликтүү жолдоочуларына таасир тийгизген. Көөнө заманда жашаган отко табынуучулардын жана шамандардын арча күйгүзүп, от менен аластоо салтын азыркы кыргыз мусулман кадимкидей эле улантып келе жатат. “Теңир” сөзү Мухаммед пайгамбар “Алла-таалага” гана сыйынгыла жеп жар салганга чейин эле бар болчу, азыр деле алатоолук мусулмандар өз балдарына Теңирберди деп ысым коюп, Теңирди Алла-таала сөзүнө синоним кылып жүрөт. Азыр да Евразияда Теңирди ыйык туткан мусулман эмес түрктөр бар. Кыргызстанда бутпарастар жазып калтырган аскадагы исламга чейинки доордон калган жазуулар, тарсалар калтырган мүрзө таштар алигиче сакталуу. (Алардын айрымдарын орус окумуштуулары, кийинчерээк кыргыздын Четин Жумагулов, Кубат Табалдиев сыяктуу изилдөөчүлөрү таап, илим чөйрөсүнө киргизген эмеспи). Мурдагы диндердин жолдоочуларынын салымын айтпай туруп, бүгүнкү кыргыз мусулмандарынын маданиятын толук элестете албайбыз.

Борбор Азиядагы ханафийлер окуусунун ийгилиги – дал ушул исламга чейинки салтка этибар мамиле кылуу аркылуу кыргыз жана башка көчмөн элдердин жүрөгүн ийите алганында болгон. Менимче, “теңирчилик” деп ураан чакырган кыргыздар катаал исламдык салтты талап кылган ваххабийлерге караганда, байистүү ханафийлердин мазхабын көбүрөөк жактырышы мүмкүн.

Дегиңкиси, атеисттик коомдун тажрыйбасын баштан кечирүүгө үлгүргөн алатоолук мусулман коому үчүн теңирчилик өтө деле чоң коркунуч болбосо керек деп ойлойм.

- Рахмат. Сиздер тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен теңирчиликке арналган маегибизди уктуңуздар. Ар аптанын бейшемби күндөрү диний турмушка байланыштуу баян, сереп, маектерибизди тыңдай аласыздар.

Ободо - “Азаттык”. Маекти Венера Сагындык кызы алып барды.
XS
SM
MD
LG