Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМЧУЛУК ӨКҮЛДӨРҮ ТЫНЧТЫКТЫ ЖАКТАГАН МИТИНГ ӨТКӨРҮШТҮ


Бүгүн Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Иракка согуш ачууга каршы митинг болду. Анда жалпы дүйнө жүзүндө согушка жол бербөө тууралуу чакырыктар айтылды.

Иракка согуш ачууга каршы, дүйнөдөгү тынчтык үчүн митингди Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы уюштуруп, ага тынчтыкты жактаган, согушка каршы мазмундагы англис, орус, кыргыз тилиндеги плакаттарды көтөргөн 400дүн тегерегиндеги адам катышты. Алардын арасында мектеп жашындагы балдар, студенттер, кары-картаңдар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болду. Уюштуруучулар митингди борбордук Алатоо аянтында өткөрүүгө уруксат сурап, Биринчи Май райондук акимчилигине кайрылышкан. Бирок аларга уруксат берилген эмес. Уюштуруучулардын бири Токтайым Үмөталиеванын айтымында, ушундан улам митингди өткөрүш үчүн ар кандай пикирлерди айтууга атайын бөлүнүп берилген М. Горький атындагы парк тандалып алынды.

Митингди ачкан Токтайым Үмөталиева мындай деп сүйлөдү:

- Адамзаттын ойлоп чыгаргандарынын ичинен эң коркунучтуусу - согуш. Ал эч жерде болбош керек. Эч жерде балдар жетим калып, ыйлабаш керек. Биз Кыргызстандын асманы - тынчтыктын асманы деп ойлойбуз. Биздин жерибиз кандайдыр-бир согуш үчүн пайдаланылбаш керек.

Андан кийин сөз сүйлөгөндөрдүн баары тынчтыкты жактап, согушту болтурбаш керектигин айтышты.

- Урматтуу достор, мен да сиздерге «Жоокерлердин энелеринин комитетинин» атынан, тынчтыкты жактаган, согушту четке каккан жарандык позицияңыздарды билдиргениңиздер үчүн ыраазымын. Согуш болбосун. Тынчтык орносун биздин көгүлтүр планетада, - деди «Жоокерлердин энелеринин комитетинин» башчысы Афонина айым.

Анын сөзүн «Зеңги баба» уюмунун өкүлү Сүлөөсүн Тотонова да колдоду:

- Урматтуу жолдоштор, Американын «Иракка согуш ачабыз» дегени биздин энелердин жүрөгүн оорутуп турат. Ар кайсы региондордон келгендердин, Тажикстандан келген качкындардын, көп балалуу энелердин атынан айтарым - биз согушка каршыбыз.

Митингдин катышуучулары анын соңунда дүйнө калкына кайрылуу кабыл алышты. Анда дүйнөдө тынчтыкты сактоо чакырыгы айтылган.

Митингге катышып, бирок сөз сүйлөбөгөн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов Иракка каршы аракеттерге байланыштуу өзгөчө пикири бар экенин билдирди:

- Согуштун моралдык жагы ар дайым эле 100% тескери боло бербейт, - деди Эдил Байсалов. - Мына бүгүн фашизмге каршы согушту эстесек. Ошол согушта СССР, АКШ, Англия Гитлердин диктатордук режимин талкалап, көптөгөн элдерди бошоткон. Азыр деле Ирактын эли көп жылдан бери Саддам Хусейиндин диктатурасынын астында турат. Менин оюмча АКШ, Батыш мамлекеттери Ирак элине жамандык каалаган жок. Ал жерде да демократия орносун, жарандарынын укуктары сакталсын деген ниетте.

Бийлик бул митингди «Алатоо» аянтында өткөрүүгө расмий түрдө уруксат бербеген менен, анын уюштуруу иштерине жардам бергени байкалып турду. Анткени митингдин катышуучуларын мамлекеттик төрт «Икарус» автобустары ташып, мамлекеттик майрамдарда, салтанаттарда пайдаланылуучу үн аппараты бар автомашина митингдин катышуучуларына кызмат кылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG