Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

МОСКВА – ВАШИНГТОН АРАСЫН ИРАК ИРИТЕБИ?


Муса Мураталиев, Москва Бейшемби күнү Кошмо Штаттардын элчиси Александр Вершбоу журналисттер алдында билдирүү жаcап, «эгерде Ирак маселеси боюнча резолюцияга Орусия каршы чыкса, анда Вашингтон Москва менен стратегиялык өнөктөш болуудан баш тарта» тургандыгын эскертти. Мындай билдирүүнүн артында эмне жатат?

Америкалык элчи баарыдан мурда Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралдары абдан коркунучтуу экенин дүйнөлүк коомчулукка түшүндүрүү кыйын болуп жаткандыгын белгиледи. Кокус мындай куралдарга агрессордун же террористтердин колу жетсе, ошондон кийин миңдеген, а балким миллиондогон адам жабыр тартышы толук ыктымал. Андай алааматка жол бербөө максатында, элчинин сөздөрү боюнча, америкалыктар алдын-ала чараларды көргөнү жатат. «Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде резолюцияга добуш берүү маалында Орусия калыс калбай,ага вето салуу мүмкүндүгүнөн пайдаланса, анда мындай кадам АКШнын конгресси менен бүтүндөй Америка элин катуу иренжитет эле», - деп кошумчалады Вербшоу. Мындай реакцияны элчи табыгый көрүнүш деп эсептейт. Эки өлкөнүн карым-катнаштарынын ичинен кайсы багыттагысы көбүрөөк зыян тартарын элчи азыр айта албайт. Тараптар биргелеше чече турган көптөгөн маселелер бар. Алардын арасынан америкалык дипломат террорчулукка каршы күрөшүү, ядролук куралдарды жайылтпоо жана аларды контролдукка алуу, экономикалык байланыш жана башка тармактарды атады. “Биз, албетте, ортодо пайда болчу проблемаларды азайтканга аракет кылабыз, бирок ал өтө татаал ишке айланып кетет», - деп белгиледи Вербшоу.

Америкалык элчинин бул сөздөрүнө орус тышкы иштер министири Игорь Иванов алыс сапарда, Борборазия чөлкөмүндө жүргөн жеринде жооп кайтарды. «Биз бул туурасында канча жолу айтып келе жатабыз. Орусия Кошмо Штаттары менен терең жана ачык-айкын мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар», - деп айтты орус министри.

Америкалык элчинин пикирин франциялык «Фигаро» гезити да кыйгап өткөн жок. ”Фигаронун” баамында, АКШнын элчиси Кремлди капыялап, эгерде Ирак боюнча БУУнун коопсуздук кеңешинде колго салынганы жаткан резолюцияга каршы чыкса, анда Москва стратегиялык өнөктөш статусунан ажырап калышы мүмкүн, ошондой эле энергетикалык тармакта кызматташтыктан кынжыла тургандыгын кыйытты.

Мындай каңкуу кепти АКШнын элчиси бекеринен айтпагандыгы көрүнүп турат. Эмне дегенде өзүнө саясий нап чыгарып алуу үчүн Кремль жеринен эле Вашингтон менен соодалашканын кое элек. Айталы, Вашингтон « үчилтик балакет» деп Ирак,Түндүк Корей, Иранды атаган, Москва болсо дал ошол өлкөлөр менен саясий, соода-сатык байланышын өнүктүрүп келатат. Кептин илептүү чыгышына ушул жана башка жүйөөлөр да аралашкан сыяктанат.

Баса, Михаил Горбачев Ирак кризисинен чыгуунун башка бир ишенимдүү жолу бар экенин билдирди. «Мен мындан чыкчу жол бар деймин. Ал жападан-жалгыз жол. Ал Садам Хусейнде калды. Ал өзүнүн саясий ишинен, ээлеп турган президенттик кызматынан кетиши керек. Ошону менен ал башкача фазанын өнүгүшүнө жол ачат», - деди Горбачев.
XS
SM
MD
LG