Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Ирак боюнча Британия жасаган жаңы сунушка Орусия каршы чыкты


Улуу Британиянын сунушу боюнча, согуштан кутулуш үчүн, Ирак ага коюла турган алты талапты аткарууга тийиш. Британиянын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жереми Гриинстоктун айтымында, Коопсуздук Кеңешинин кээ бир мүчөлөрү бул сунушка кызыгууда. Анткен менен, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов ал сунушту 13-мартта жараксыз деп атады. Немис канцлери Герхард Шрөдердин айтымында, Алмания, Кытай, Орусия, Франция жана Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк башка мүчөлөрүнүн пикиринде, Ирак маселесин тынчтык ыкмалары менен жөнгө салуу мүмкүн. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин пикиринде болсо, бүткүл дүйнөлүк коомчулук Ирактагы эл аралык инспекциянын улантылышын колдойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG