Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Бишкекте психикалык оорусу бар адамдардын көйгөйлүү маселелери талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Психикалык ден-соолук жана коом» аттуу коомдук бирикме ачык форум өткөрдү. Бул форумда «Саясатка жол» аттуу программанын бет ачаары болду. Программа психикасы оорулуу адамдардын коомдогу укуктарын коргоо максатын көздөйт. Форумдагы маалыматтарга караганда, психикалык илдет менен жабыркагандар, алардын үй-бүлөсү жана айлана-тегерегиндеги адамдар коомдо обочолонууга, наалатка жана басмырлоого кирептер болушат. Программа мына ушундай укуктук теңсиздикти жоюп, оорулуулардын коомдогу укуктарын теңештириш үчүн укуктук негиздерди калыптоого жардамдашат. Бул программаны Британиялык «Хемлет трасс» коомдук фонду каржылайт. Аталган уюм акыркы 12 жылдан бери бул багыттагы ишмердүүлүгүн Борбордук, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия аймагында жүргүзүп келатат. Ал эми Кыргызстанда жаңы иштей баштаган бул уюмдун программасы «Психикалык ден соолук жана коом» бирикмеси менен кызматташуу аркылуу ишке ашырылууда.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG