Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Бишкекте өткөн «тегерек үстөлдө» керектөөчүлөрдүн укуктары талкууланды


БИШКЕК. 14-март - Керектөөчүлөрдүн эл аралык күнү. Буга байланыштуу Бишкекте өкмөттүн алдындагы Антимонополиялык саясат боюнча мамлекеттик комиссия «тегерек үстөл» талкуусун өткөрдү. Анда керектөөчүлөрдүн жана сатып алуучулардын укуктары талкууланды. «Тегерек үстөлгө» тиешелүү мамлекеттик тармактардын, ишканалардын өкүлдөрү катышты. Талкуу учурунда кызматташтыкты координациялоочу кеңеш түзүү зарылдыгы белгиленди. Антимонополиялык саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, өткөн жылы «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү» мыйзамды бузган 399 факт боюнча арыздар түшкөн. Алардын көбүндө жылуулукка, электр энергиясына, жылуулук үчүн акы төлөөгө байланышкан өксүктөр белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG