Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Жогорку Соттун төрайымы Эл өкүлдөр жыйынында отчет берди


БИШКЕК. Жума күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында Жогорку Соттун жана жалпы жергиликтүү соттордун 2002-жылдагы жасаган иштери тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Неля Бейшеналиева отчет берди. Н. Бейшеналиеванын маалыматына караганда, 2002-жылы өлкөдөгү бардык деңгээлдеги сот органдары тарабынан жалпысынан 22 миң сот иштери каралган. Анын ичинде 17 миң 91 адам соттолуп, 12 миң сегиз адам эркинен ажыратылып, 2 миң адам шарттуу түрдө кесилген. Ал эми 1732 адам ар кандай айыпка тартылып, 226 адам акталган. Соттолгондордун арасында 1938 аял, 1156 жашы жете элек жарандар бар экени айтылды. Ошондой эле Неля Бейшеналиеванын айтымында, 2002-жылы Жогорку Сотко 4 миңге жакын сот иши түшүп, 1300 сот иши каралган. Андан соң Бейшеналиева депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйын соңунда Эл өкүлдөр жыйыны Жогорку Соттун ишин канааттандырарлык деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG