Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

ЕККУнун төрагасынын өкүлү Бишкекке келди


БИШКЕК. 14-мартта Бишкекке эки күндүк таанышуу сапары менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын өкүлү Даан Евертс келди. Даан Евертс бул күнү президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана ушул эле палатанын депутаты Адахан Мадумаров менен жолугушту. Жолугушууларда ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын багыттары, Кыргызстандагы кырдаал жана конституциялык реформанын жыйынтыктары талкууланды. ЕККУга мүчө болгон мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да ушундай эле жолугушуулар болушу күтүлөт. ЕККУнун азыркы төрагасынын өкүлү Кыргызстанга бул уюмдун Ташкенде өтүүчү XI экономикалык форумуна даярдык көрүүнүн алкагында келди. Даан Евертс 16-мартта улуттук жана эл аралык экономика, наркотрафик маселелерин талкуулоочу семинарга катышканы Ташкенге барат.

XS
SM
MD
LG